Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

"Бир дүйнө" фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды


"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын катышуучулары.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалынын катышуучулары.

Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалардын онунчу юбилейлик фестивалы аяктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. "Азаттык" радиосунун кабарчылары Замира Кожобаеванын "Аял. Азап. Арман", Айгерим Акылбекованын "Мен айткандан коркпойм", Санжар Эралиевдин "Төрөттөн ажал тапкандар" тасмалары фестивалга катышканы үчүн диплом менен сыйланып, аны экс-президент Роза Отунбаева тапшырды.

Кытайлык режиссер Хонгжи Ксунун "Асман кыйырында" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыды. "Жарандардын маалымат алуу укугу" номинациясы боюнча түштүк судандык режиссерлор Илзе ван Велзен, Фемке ван Велзендин "Таңууланган окуя" тасмасы жеңүүчү деп табылды.

"Балдар укугун коргоо" номинациясы боюнча сыйлыкты "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова менен Улан Асаналиевдин "Миграция курмандыктары" тасмасы жеңип алды. Мындан тышкары "Адамдын кадыр-баркын колдоо" номинациясында казакстандык Юлия Мазурованын "Жаңы Өзөн: белгисиз трагедия" тасмасы сыйланды.

Түштүк африкалык Зивиа Десай Кейпейдин "Кенчилерди атуу: Марикана кайгысы" фильми "Жарандардын ресурстарга жетишүү укугу" номинациясында сыйлыкка ээ болду. "Аялдар укугун коргоо" номинациясын ирандык Роксарех Гаем "Сонита" деген эмгеги менен жеңип алды.

Баш байге "Адам укугу жана эркиндиги үчүн" номинациясы боюнча сыйлык "Көл кызы" тасмасын жараткан перулук режиссер Эрнесто Кабельос Дамианга тийди. Жеңүүчүлөр сыйлангандан кийин фестиваль катышуучуларына концерт тартууланды.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы 31-октябрда башталган. Анда көрөрмандарга чет элде жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм сунушталды. Быйыл онунчу жолу өткөн фестиваль Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына арналды.​ (NT)

XS
SM
MD
LG