Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

"Документтердин жарыяланышы - саясий соодалашуу"


УКМК “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөн деген маалыматты азыр таратып жатканында саясий коррупциянын белгиси ачык көрүнүп турат. Мындай пикирин “Азаттыкка” коррупция боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева билдирди.

"Азаттык": Бүгүн «Альфа Телекомдун» акцияларына байланыштуу УКМК Белиз өлкөсүнөн расмий маалымат алганын жарыялады. Ага ылайык, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутаттар Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов компаниянын акциясын сатууга кызыкдар болгон деп айтылууда. Бул документтердин жарыяланышы эмнеден кабар берет?

Эркайым Мамбеталиева: Мындай маалыматтан кийин эле бүгүн президент башкы прокурорго документтерди тактоону тапшырды. Бул документтердин азыр чыгып жатканы абдан таң калыштуу. Менимче, бул документтерди УКМК кечээ эле таап алып, бүгүн алып чыгып жатпаса керек. Бул да болсо саясий коррупциянын белгилеринин көрсөткүчү. Болбосо документтер эмне үчүн ушул учурда чыгып жатат? Азыр саясий кырдаал курчуп турган маалда “Ата Мекендин” депутаттарынын ысымы чыгып жатканы - саясий соодалашуу. Бул жерде саясий коррупциянын белгиси көрүнүп турат.

"Азаттык": Бийлик Белизден расмий документтерди алганын айтып, сүрөттөрүнөн бери жарыяланды. Негизи такталып-тастыктала элек иш боюнча документтерди ачык жарыялоо канчалык туура?

Эркайым Мамбеталиева: Бул документтер толугу менен далилденип, анан коомчулукка чыгарылса туура болмок. Бүгүн президент “тактагыла” деген тапшырма берип жатканы телевидениеден да көрсөтүлдү. Эгер тактала элек документтер болсо анда эмнеге алып чыгышат? Буга чейин кандайдыр бир тактоолор жүргөндүр деген ишеничтемин. Болбосо жөн жерден УКМКнын башчысы президентке алып кирип, элге жарыялап жибергени туура эмес. Эгер буга чейин такталбаса, бул профессионалдык жактан абдан туура эмес кадам.

"Азаттык": Сиз айткандай, бул иш саясий коррупция экенине карабай, бийлик үчүн ыңгайлуу курал болуп жатабы?

Эркайым Мамбеталиева: Кезектеги соодалашуу маселеси деп ойлойм. Саясий коррупция деп айтканым - документтердин азыр элге-журтка жарыяланап жатканы, УКМКнын колуна бул документтер мурда эле тийсе керек. Анда эмнеге мурда алып чыккан жок деген суроо туулат. Анын үстүнө “Альфа Телеком” боюнча канча чырлар болду. 2010-жылы эле башталган чырдан алты жыл өткөн соң бул документтердин ачыкталышы - саясий коррупциянын анык көрсөткүчтөрүнүн бири.

"Азаттык": Коррупция боюнча иштер менен таанышып жүргөн адис катары бул документтер сизди ынандырдыбы?

Эркайым Мамбеталиева: Бул документтер терең анализди талап кылат. Азырынча мен тааныша элекмин. Ошол себептен ынандырды же ынандырбайт деп айта албайм.

Шыкмаматов: Бийлик күмөндүү кагаз көрсөтүүдө

Шыкмаматов: Бийлик күмөндүү кагаз көрсөтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

XS
SM
MD
LG