Текебаев: үйүмө бирөөлөр кирди
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн күндүз Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндөгү үйүнө кимдир бирөөлөр киргенин “Азаттыкка” билдирди. Анын жубайы үйүнө келгенде эшиги ичинен жабык тургандыктан кире албай жолдошуна телефон чалган. Саясатчы андан соң милицияны чакырганын, алар иликтөө жүргүзүп жатканын айтты.