Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Ош: элчиликтин белеги суроо жаратты


Кытай элчилиги Ош шаарынын мэрине Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жолтандабас белек кылганы коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Айрымдар муну коррупция катары баалашса, дагы бир тобу ал жолтандабас мэрге эмес, мэрияга берилгенин эскертишүүдө.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди азыр ташып жүргөн Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жолтандабасты кытай элчилиги 5-октябрда белек кылган. Ош шаарынын күнү белгиленген майрамда берилген белектер тууралуу буга чейин айтылган эмес.

Мэриянын муниципалдык менчикти көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов белектер эки элдин достугу үчүн гана берилгенин айтат.

- Мэрге эмес, Ош шаарынын мэриясына берилди дешибиз керек. Кытай достугубуздун белгиси катары 2015-жылы шаарга кичи автобус белек кылган. Быйыл Ош шаарынын күнүнө карата тез жардам унаасын жана кызматтык жолтандабас сунушталган. Аларды мэриянын аппарат башчысы кабыл алган.

Министр минген "жолтандабас"

Министр минген "жолтандабас"

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровду кызматтан четтетүүнү талап кылды. Буга министрдин кытайлык жеке компанияга катталган автоунааны пайдаланып жүргөнү себеп болду.

Кытай элчилигинин Ош мэрине берген кызматтык унаасынын сүрөтү интернетке чыккандан кийин коомчулукта «шаар башчы кытайларга эмне убада кылды экен?» деген суроонун тегерегинде талкуу күч алды. Бирок милициянын ардагери Мамат Самиев мындан эч кандай жамандыкты көрбөй турганын айтат.

- Кээ бир адамдар ошондой 100 миң долларлык машинелерди жөн деле айдап жүрүшөт. Аны сураган эч ким жок, кайдан акча таап сатып алдың деп. Кээде жаш балдар минип жүргөнүн көрөбүз. Бирок токтотуп алып кимден, кайдан деп сурай албайбыз да. Ага биздин акыбыз да жок. Эгер ал Кытай берген белекти мамлекетке кириштесе, пайдалана берсин. Эртең бул мэр кетсе, ордуна келген мэрди ташый берет да. Мында эч кандай криминал жок. Эгер мамлекетке кириштебей, өзүнүн атына жазып алса анда криминал болот.

Деген менен кымбат белекти талкуулагандар кытай элчилиги берген жолтандабасты алган мэр жок эле дегенде моралдык көз карандылыктын туткунунда калганын айтышат. "Кыргыз Ата" партиясынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев элдин экономикалык-социалдык абалы начар кезде мэрдин кымбат жолтандабаста жүргөнү уят деп эсептейт.

- Бийликтеги аткаминерлер мындай кымбат белектерди кабыл алуудан абайлаш керек. Мүмкүн мындай белек кайсы бир кызмат көрсөтүүнүн артынан келгендир. Негизи эле эркин Кыргызстандын Ош шаарынын башчысы элчинин алдында көз каранды болуп калышы мүмкүн. Биз көз карандысыз мамлекет болгондон кийин өз акчабызга сатып алышыбыз керек. Акча жок болсо жөө жүрүшүбүз керек. Ырас, акча жок болсо, белекке машине алып минген жарашабы? Ошондуктан бирөөнүн батинкесин, экинчинин шымын кийгенди, дагы биринин машинесин мингенди токтотушубуз керек.

Алмазбек Атамбаев жана Айтмамат Кадырбаев
Алмазбек Атамбаев жана Айтмамат Кадырбаев

Бирок мэрия өкүлдөрү мындай пикирге кошулбайт. Учурда шаар бийлиги элчиликтин белегин мэриянын мүлкү катары кириштеп жатат. Жаңы мүлк мэриянын карамагына канчага бааланып кабыл алынып жатканы белгисиз. Ага чейин шаар башчы жаңы жолтандабасты 0001 деген мамлекеттик номур менен пайдалана баштады.

Мэриянын муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов шаар башчыга берилген жолтандабас кытай өкмөтү көрсөтүп жаткан жардамдын бир чети гана дейт.​

- Кытай элчилиги менен Ош шаарынын достугунун алкагында Кытайдын жардамы менен Ош шаарында 2 миллиард сомдук оорукана курулуп жатат. Алар 150 орундуу акыркы үлгүдөгү оорукананы 2018-жылы толук бүтүрүп, медициналык жабдуулар менен камсыздап, ага кошуп, дагы бир тез жардам машинесин сатып берет. Андан сырткары Ошко дагы бир 100 миллион сомдук көпүрөнүн курулушун каржылашат. Мунун баары кайтарымсыз жардам.

Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаев белекке келген жолтандабас тууралуу үн ката элек. Кадырбаев мурунку мэр Мырзакматовдон калган кызматтык жолтандабасты таштап, жаңы унаа сатып алууга аракет кылган эле. Эски машинени алмаштыруу ниетин мурда жол кырсыгына учураганы менен түшүндүргөн. Бирок шаар тургандарынын нааразылыгынан улам ал ниетинен кайткан болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG