Жашоодон кечкен өспүрүмдөр
Орусиянын Псков шаарындагы эки өспүрүмдүн өлүмү коомчулукта көп суроолорду жаратты. Мындан улам шаардын тургундары алардын өлүмүн ачык иликтөөнү талап кылууда. Расмий маалыматтар боюнча Денис Муравьев менен Екатерина Власова суицидге барган. Бирок шаар тургундары 9-класста окуган өспүрүмдөрдүн өлүмү үчүн полицияны айыптап жатышат. Эскерте кетсек, бул окуяда балдар биринчи болуп укук коргоо кызматкерлерине карата ок чыгарышкан.