Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Ош: университеттин Мамкаттоого жардамы


Студенттердин тизмеси
Студенттердин тизмеси

Оштогу окуу жайларда студенттерди биометрика тапшыртып жатышат.

Ош технологиялык университетинде жүздөгөн студенттердин паспортторун староста, кураторлор чогултуп алып, биометрика тапшырууга милдеттендиришүүдө. Жетекчилик Мамлекеттик каттоо кызматына көмөк көрсөтүү үчүн биометрика чогултуп жатканын ырастайт.

Ош технологиялык университетинин жүздөгөн студенттери окуу жайдын башкы имаратында уюштурулган шайлоо участогунда биометрика тапшыруу үчүн кезек күтүп турушат. Алардын баарынын паспортторун кураторлору же старосталары чогултуп алган.

- Биз биометрика тапшыруу үчүн кезек күтүп турабыз. Биометрикадан өткөндөн кийин айылдагы каттообузду да шаарга коебуз.

Колуна бир нече студенттин тизмеси менен кошо ондогон паспортторду топтоп алган куратор Жайнак Маматов жетекчиликтин буйругун аткарып жатканын айтты:

- Бул паспорттор студенттерибиздики. Булар биометрикадан өтпөгөндүгүнө байланыштуу өткөрүш керек деп бизге жетекчиликтен буйрук келди. Биз ошону аткарып жатабыз. Себеби эртеңки референдумда бул студенттердин мүмкүнчүлүгү чектелип калбасын дешти. Мага мындай тапшырманы университеттин жетекчилиги берди.

Кезек күткөн студенттер
Кезек күткөн студенттер

Буга чейин "Азаттык" радиосуна атын жашырган студент Ош технологиялык университетинин жетекчилиги студенттерди мажбурлап, паспортторун шаарга каттап жатканын билдирген эле. Университет жетекчилиги болсо студенттерди мажбурлап каттоосун шаарга котортуп жатат деген маалыматты четке кагышты.

Окутуучулардын бири Зайырбек Абдракманов Мамлекеттик каттоо кызматынын ишине көмөктөшүп жатышканын айтты.

- Булар биометрикадан өтөбүз деген студенттер. Студенттердин арасында биометрикадан өтө электери бар. Биз болгону студенттерди биометрикадан өткөрүүнү гана уюштуруп берип жатабыз. Бир да студенттин каттоосун өзгөрткөн жокпуз. Анткени жергиликтүү шайлоолор да болуп жатат. Биз аларды шаарга каттап койсок айылда жергиликтүү кеңешке талапкер болгон тууганын же таанышын колдой албай калышы мүмкүн.

Бирок шайлоо адистери Ош технологиялык университетинде студенттерди мажбурлап, биометрика тапшыртуу өнөктүгүн административдик ресурсту колдонуу деп баалашууда. Алардын бири Элвира Икрамова мындай дейт.

- Бийлик форма-2 деген арыздын негизинде студенттерди шаардан референдумга катыштырууга аракет кылып жатат. Бул административдик ресурсту пайдалануу дегендикке жатат. Анткени бийлик парламенттик шайлоодогудай эл 2-форманы колдонууну көздөп жатат. 26-ноябрда шайлоочулардын тизмеси жабылат. Булар ошого чейин шашылыш түрдө студенттердин баарын биометрикадан өткөрүп, 2-форманын негизинде референдумга катыштырууга аракет кылып жатышат.

Учурда Ош облусунда биометрикадан өткөн 580 миң шайлоочу бар. Ош шаарында болсо 192 миң шайлоочу катталган. Бирок Мамлекеттик катоо кызматы Ош шаарындагы шайлоочулардын саны 26-ноябрга чейин дал ушул 2-форманын эсебинен күн сайын көбөйүп жатканын билдиришкен.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG