Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

Өмүркулов: Атамбаевди идол тутууга Конституция жол бербейт


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

Кыргызстандын Конституциясы президенттин журт башы деп аталышына жол бербейт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" парламенттеги башкаруучу коалициянын төрагасы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди:

- Идол кылып, коңшу мамлекеттердегидей мааниде эмес. Кыргызча айтканда журт башы, аксакал... Президенттин ошондой ыйгарым укуктары бар Конституция боюнча. Аны эл шайлаган. Өз мөөнөтү бар. Конституция журт башы, эл башы болгудай же кыргыздардын баарынын башы болгудай жол бербейт.

22-ноябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо тууралуу көтөрүлүп жаткан демилгени "Азаттыкка" комментарийлеп Өмүркулов "Алмазбек Атамбаев журттун атасы, ал Конституциянын гаранты" деп айткан.

Анын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

"Улут атасы", "Эл башы" деген макамдар Борбор Азия аймагында тажик, казак президенттерине расмий берилген. Бул өлкөлөр авторитардык бийлик орногон режимдер катары сынга кабылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG