Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Жаштар саясатын ким жүргүзөт?


2010-жылга чейин жаштар саясаты ар кайсы мекемелерге жүктөлүп келсе, апрель окуяларынан кийин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги болуп түзүлгөн.

Аталган министрлик элүү жупту үйлөнтүү, маданий иш-чаралары менен эл эсинде калды. Былтыркы парламенттик шайлоодон кийин аталган министрлик да жоюлду. Бирде агенттик, бирде департамент болуп ар кайсы министрликке кошулган жаштар мекемеси бүгүнкү күндө эмне менен алек? "Азаттык+" бул сапар жаштар саясатын талкуулады.

Айрым байкоочулардын пикиринде, өлкөдө жаштар саясатын жүргүзгөн мамлекеттик стратегия иштебегендиктен жаштар кимди карап түздөнүп, кайсы идеологияны ээрчиши керектигин билбей турушат.

2010-жылдагы окуядан кийинки келген бийлик жаштарды ар тараптан өнүктүрүүгө көңүл бөлүнөт, атайын идеология иштелип чыгат өңдүү убадалар менен Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин түзгөн. Бирок, бүгүнкү күндө аталган министрликтин ишмердүүлүгүнө ар кандай пикир айтылат.

Айрымдар жаштар министрлиги өзүнүн тарыхый миссиясын ишке ашыра алды дешсе, башкалары министрлик жүктөлгөн милдеттерди аткара алган жок деп сындашат.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдөгү алты миллион калктын эки миллионго жакынын жаштар түзөт. Министрлик жоюлгандан бери Жаштар иштери, спорт жана дене тарбия агенттигинде өлкөдөгү жаштар менен алтымыштай гана кызматкер иш алып барат.

Учурда жаштардын диний радикализм, турак жай, жумушсуздук, сапаттуу билим алуу сыяктуу көйгөйлөрү толтура. Азыркы агенттик жаштардын дараметин колдонуп, алардын жаратмандык күчүн жакшы нукка бурууда солгун иш алып барууда деп сындагандар арбын.

Кыргыз бийлиги жаштар уюмдары менен биргеликте көп жолу жыйын өткөрүп, жаштар саясаты боюнча бир топ концепция кабыл алган. Бирок, анын баары эле кагаз жүзүндө калып жаткандай.

Жаштар саясатын ким жүргүзөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:38 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG