Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Муралиев: Футбол менен саясат байланышкан


Кыргызстандын футбол курамы
Кыргызстандын футбол курамы

Кыргызстан ноябрь айында дүйнөлүк футбол рейтинги боюнча 124-орунга жайгашып, өткөн айга салыштырмалуу 25 тепкич ылдыйлады. Октябрда 99-орунда болчу. Ал эми 27-ноябрда Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенти болуп экинчи ирет шайланды.

Кыргызстандын футбол федерациясын 1991-жылдан 2008-жылга чейин жетектеген Амангелди Муралиев футбол тармагындагы көйгөйлөр жана көрүнүштөр тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстан дүйнөлүк футбол рейтингинде ноябрь айында 124-орунга жайгашты. 15-20 жыл мурун болжолдуу ушул абалда эле. Эмнеге футбол өнүгүп жатат дегенибиз менен рейтингдеги көрсөткүч ойдогудай эмес?

Амангелди Муралиев
Амангелди Муралиев

А. Муралиев: FIFA рейтинги ар кандай балл менен берилет. Чындыгында биздин клубдардын деңгээли казак же өзбектердин деңгээлине жете элек да. Ал эми FIFA рейтингди улуттук командага карап чыгарат. Кээ бирде жакшы жеңишке жеткенде жакшы секириктерди көрсөтүп жатабыз. Андыктан бул рейтинг мен иштеп жатканда деле 121 же 127-орун, айтор 130дан төмөн түшкөн эмеспиз.

“Азаттык”: Көрсөткүчтөрдү сапаттык жактан кантип оңдой алабыз?

А. Муралиев: Эгерде жаңы команда келип, жаңы көз караш болсо балким иштер оңолот. Бирок бизде кандай гана уюм же спорт болбосун, баары бир саясат киришип кетип жатпайбы. Баары бир аңдыганыбыз саясат болуп жатат.

Орусияда деле ошондой эле. Алсак, Мутко бүгүнкү күндө Путиндин командасынан. Ал эми Семетей Султанов болсо бардыгыңар билгендей эле Алмазбек Атамбаевге жакын адам. Ушул жакындыгы менен саясат болуп жатат. Күчтүү саясатчыларга жакындыгы федерацияга жардам берет деген түшүнүк менен кабыл алынат.

“Азаттык”: Семетей Султанов Футбол федерациясына жетекчи болуп келгенден бери бул тармакта эмне өзгөрүүлөрдү байкадыңыз?

А. Муралиев: Кыргызстандын Футбол федерациясынан мен кеткенден кийин төрт жылдай төмөндөө болду. Ал эми Семетей Султановдун командасы аны мурдагы калыбына келтирди. Себеби биз өлкөдөгү футбол базаларын түзүп, FIFA, AFC менен байланыштарды калыптандырып кеткенбиз. Ошол иштерди Султановдун балдары улап келе жатат.

Семетей Султанов
Семетей Султанов

“Азаттык”: Ушул жылдын жаз айында FIFAнын президентин шайлоо алдында британ парламентарийи Дамиан Коллинз Кыргызстандын футбол федерациясын коррупцияга айыптап, AFC президенти шейх Салман бин Ибрагим ал-Халифа биздин улуттук федерацияга жардам берүү аркылуу паралаган деп айыптады эле. Буга канчалык негиз бар?

А. Муралиев: Чындыгында FIFA президентин шайлап атканда даярдоо баскычы болот. Ошондо талапкерлер бир катар федерацияларды кыдырып чыгышат. Ал жакта “мени колдогула” деген сөз менен ар бир өлкөнүн Футбол федерациясынын жетекчилери, конфедерациялар менен сүйлөшүүлөр болот. Бул жолугушууларда “биз жардам беребиз” деген убадалар дагы болот. Андыктан британ депутатынын айткандары деле чындыкка окшоп кетет. Мишел Платини UEFA президенти болуп турганына карабай бизге бекеринен келген жок да. Булардын бардыгы добуш сурап келишкен. Алардын ортосунда кандай сөздөр болгонун ким билет? Албетте, эки киши ортосунда эмне сөз болгонун эч ким билбейт.

Кыргызстан-Казакстан оюну
Кыргызстан-Казакстан оюну

“Азаттык”: Сиз ФФКРди жетектеп турганда деле ушундай сүйлөшүүлөр болчу беле?

А. Муралиев: Албетте, сүйлөшүүлөр боло берет. Бирок ал канчалык таза жүрөт бул жагы башка маселе. Балким сүйлөшүүлөрдө кызыкчылыктар дагы ойноп кетет, ал жагын айтуу кыйын.

“Азаттык”: Саясатсыз футбол өнүгө алабы?

А. Муралиев: Бул аябай кыйын нерсе. Футбол менен саясат эбактан бери эле бир болуп калган. Дүйнө жүзүндө деле футболду сөзсүз саясатка байланыштырганды көрүп жатпайбызбы.

Мына Орусияда 2018-жылы Дүйнөлүк чемпионат болот. Бирок ага жетпей эле канчалаган саясат болуп жатат. Бул спорт экенин бардыгы унутуп койгондой.

Футбол сүйүүчүлөрү
Футбол сүйүүчүлөрү

​Футбол – бул чоң күч. Аны көрүүгө келип жаткан адамдардын санын карабайсыңарбы, эмне деген күч жатат. Андыктан саясатчы болбосо дагы бийликтин адамы футболдун башында турушу керек.

“Азаттык”: Ал эми футболду бийлик кызыкчылыгына пайдаланган учурлар кездешеби?

А. Муралиев: Муну ачык айтканга болбойт. Жымсалдап айтканда ар кандай иш-чаралар, шайлоолор болот. Ал эми футболдун активи аябай чоң, күйөрмандары бар. Көпчүлүктү башкарган адам чоң күчтү бийликке буруп бере алат. Ошондой эле ири турнирлер өткөндө “аны ким уюштурду” деген сөздөр бар. Кыскасы, азыркы футбол чоң пропагандага айланды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG