Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Фтизиатрия борбору: Каза тапкан эки оорулуу ФС-1 дарысын ичкен эмес


Улуттук Фтизиатрия борборунун башчысы Абдулат Кадыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, клиникалык изилдөөгө катышкан эки кишинин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн Казакстандагы “Инфекцияларга каршы препараттардын илимий борбору” акционердик коомуна кат жөнөтүлгөн. Илимий борбор эки кыргыз жараны изилдөө учурунда ФС-1 дарысын эмес, плацебону ичкенин тастыктаган.

Улуттук фтизиатрия борбору 2014-жылы май айынан тарта кургак учук оорусуна каршы казакстандыктар ойлоп тапкан ФС-1 дарысын 54 оорулуунун катышуусунда клиникалык изилдөөдөн өткөрүп келишкен.

Дарынын таасирин аныктоо үчүн алардын жарымына чын эле ФС-1 дарысы, калганына плацебо гана берилгени айтылууда.

Бүгүнкү күндө мындай клиникалык изилдөө өткөрүүнүн мыйзамдуулугу боюнча Башкы прокуратура Улуттук фтизиатрия борбору жана Дары менен камсыздоо департаментинин кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.

Улуттук фтизиатрия борбору 54 жаран катышкан сынактын мыйзам чегинде өткөнүн ырастаса, Дары менен камсыздоо департаменти алардан эч кандай расмий уруксат болбогонун билдирүүдө. Ушул себептен улам изилдөө быйыл май айында токтотулган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG