Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

ЕККУ аймагында “авторитаризм өсүүдө”


ЕККУ жыйыны. 8-декабрь, 2016-жыл
ЕККУ жыйыны. 8-декабрь, 2016-жыл

Гамбург шаарында ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Германиянын бул уюмдагы төрагалыгы да аяктоочу кеңешмеде эски совет аймагынан көңүл Украина кризисине жана узактан бери чечилбей жаткан Тоолуу Карабак чатагына бурулууда. Ошондой эле ЕККУнун жөндөмүн, мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу демилгелери да көтөрүлдү.

Европа мамлекеттери, АКШ, эски совет республикалары, жалпысынан 57 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да мүчө ЕККУнун министрлер кеңешинин жыйыны кечээ башталды, бүгүн дагы улантылат.

АКШнын кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан мамлекеттик катчысы Жон Керри аталган кеңешменин кечээги отурумунда сүйлөгөн учурунда ЕККУ аймагында авторитаризм өсүп жатканына көңүл буруп, ушул багытта айрым эскертүүлөрдү жасады:

- ЕККУ аймагындагы бир топ жерлерде биз акыркы кездери авторитардык аң-сезим өскөнүнө, адам укуктары боюнча абалдын артка кетиши, эркин массалык маалымат каражаттарынын чектелиши, сабырсыздыктын жана жек көрүү негизиндеги кылмыштардын көбөйгөнүнө күбө болдук. Коррупциянын, авторитаризмдин күчөшү, кээ бир лидерлердин бийликти бир колго алуу аракетинде Конституцияны өзгөртүү аракеттери, ММКнын жаңы платформалары аркылуу жалган маалыматтардын жайылтылуусу өңдүү өнүгүүлөрдүн баары ЕККУнун негизги принциптерине каршы тикелей сокку.

Жон Керри
Жон Керри

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри өз сөзүндө принциптерди одоно бузган кайсыл бир конкреттүү өлкөлөрдү же лидерлерди атаган жок. Бирок ал Гамбургда Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Украина, Венгриянын жарандык коомунун өкүлдөрү менен жолукту.

Аларды Вашингтон айрым өлкөлөрдө чектөөчү чаралардын, экстремизмге каршы мыйзамдарды бурмалап колдоонун аркасында басым астында калган жарандык коомдун ишмердиги үчүн “мейкиндик кыскарып жатканы” тууралуу айтып турарына ишендирди.

Гамбург кеңешмесинде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Орусия Крымды аннексиялаганын, алар муну тааныбай турганын эске салды, Украинанын чыгышын дестабилдештирүү менен ЕККУ принциптерин бузганын да белгиледи.

Ал эми уюмдун учурдагы төрагасы – Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер-Штайнмайер Донбасстагы кырдаалды жана узактан бери жөнгө салынбай жаткан, Армения-Азербайжан ортосундагы Тоолуу Карабак чатагын Европадагы тынчтыкка коркунуч туудурган факторлор катары атады:

Франк Вальтер-Штайнмайер
Франк Вальтер-Штайнмайер

- Бул күндөрү Европадагы тынчтыкты түптөгөн эрежелер башаламан болуп тургандай. Анын таяныч устундары алсыз болуп калды. Риторика, өзгөчө Батыш менен Чыгыш ортосунда катаал болуп бара жатат. Мен Украинанын чыгышында кыянатчылыктар акыркы апталарда кайра жанданганын, быйыл апрелде Тоолуу Карабактагы кырдаал курчуп кеткенин эске алып жатам. ЕККУ Европада тынчтыкты камсыздоодо, өтө маанилүү жана башкалар алмаштыра алгыс ролду ойнойт. Биз, ЕККУнун жаңжалдардын алдын алуу, жөнгө салуу аспаптарынын эффективдүүлүгүн дагы арттыруу үчүн мүмкүн болгондун баарын жасоону каалайт элек.

Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер-Штайнмайер жана анын австриялык, италиялык кесиптештери да Гамбург жыйынын утурлай немистердин FAZ гезитинде жарыяланган макаласында Орусияны Украинадагы аракеттери аркылуу “Европадагы тынчтык архитектурасынын таяныч устундарына” шек келтирди деп күнөөлөштү.

Германиядан кийин ЕККУга төрагалык Австрияга, андан соң Италияга өтөт.

Эски совет аймагындагы жаңжалдардан ЕККУ мисалы Тоолуу Карабак чатагын жөнгө салуу ишине ортомчулар тобу аркылуу катышып жүрөт.

Ал эми Украинанын чыгышында атайын байкоочулар миссиясы бар. Расмий Киев буга чейин мисалы орус-украин чек арасын көзөмөлдөө үчүн ЕККУнун полициялык миссиясын жайгаштыруу демилгесин көтөргөн. Бирок Орусия бул сунушка каршы чыгып келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG