Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Трамп ЦРУнун бүтүмүн сындады


Дональд Трамп Луизиана штатындагы жолугушуу учурунда. 9-декабрь, 2016-жыл.
Дональд Трамп Луизиана штатындагы жолугушуу учурунда. 9-декабрь, 2016-жыл.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп өлкөнүн Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун Орусия ноябрдагы президенттик шайлоого хакерлери аркылуу кийлигишти деген бүтүмүн сындап чыкты. Орусия хакерлеринин АКШдагы шайлоого кийлигишкенин ырастаган жана мунун максаты тууралуу жаңы маалыматтар өткөн аптада америкалык медиада жарыяланып, өлкөдө кайрадан талкууга түшө баштаган эле.

АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына Орусия хакерлери аркылуу кийлигишүүгө аракеттенип жатат деген маселе быйылкы өнөктүк учурунда Хиллари Клинтонду талапкер кылган Демократиялык партиянын өкүлдөрү, Клинтондун өзү тарабынан бир нече ирет көтөрүлгөн.

Атүгүл октябрь айына барып, Кошмо Штаттарда жалпы саны 17ге жеткен чалгын мекемелердин экөө - Ички коопсуздук министрлиги менен Улуттук чалгын боюнча директордун башкармалыгы “АКШнын саясий уюмдарына, институттарына, жарандарынын электрондук даректерине жасалган хакердик чабуулдарга Орусиянын өкмөтү жетекчилик кылган” деген расмий билдирүү да жасаган.

Бирок 7-октябрда жарыяланган бул бүтүмдү чыгарууга Борбордук чалгын кызматы, ФБР же Улуттук коопсуздук боюнча агенттик өңдүү мекемелер кошулган эмес жана анда Орусиянын хакердик чабуулунун максаттары тууралуу эч нерсе айтылбаган.

Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин компьютердик серверлеринен уурдалган маалыматтар июль айынын соңундагы курултайды утурлай жарыяланган.
Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин компьютердик серверлеринен уурдалган маалыматтар июль айынын соңундагы курултайды утурлай жарыяланган.

Эми Орусия, анын ичинде президент Путин өзү да четке кагып келген иштин жаңы жагдайлары ачылып жаткандай.

Москва Кошмо Штаттардагы президенттик шайлоого Дональд Трампка жардам көргөзүү максатында кийлигишкен деген тыянак АКШнын Борбордук чалгын кызматынын жашыруун баяндамасында берилген. Анын айрым өңүттөрү өткөн аптада абройлуу “Вашингтон Пост” жана “Нью-Йорк Таймс” гезиттеринде жарыяланды.

Бирок, шайланган президент Дональд Трамп Fox news телеканалы менен 11-декабрдагы маегинде ЦРУнун бүтүмүн четке кагып, муну демократтардын шайлоодогу жеңилүү ызасынан улам түртүп жаткан идеясы катары сыпаттады:

- Менимче, бул күлкүлүү, кезектеги эле актануу. Мен буга ишенбейм, эмне үчүн мындай бүтүм жасалганын да билбейм. Силер кабардар болгондой, демократтар ар аптада ар кайсы нерсени айтышты. Бул - кезектеги шылтоо. Биз шайлоочулар коллегиясында эбегейсиз жеңишке ээ болдук. Эгер сиз бул иштин чоо-жайына, демократтардын айткандарына көңүл бурсаңыз, чаташтырган нерсе көп. Мунун чынын эч ким билбейт. Хакердик кылгандарды сиз иш үстүндө кармай албайсыз, кармаганы барбайсыз да. Алар Кытайбы, Орусиябы же дагы башка бирөөбү билбейт. Бул кайсыл бир жерде, керебетте отурган бирөө да болушу мүмкүн.

АКШнын шайланган президенти бул сөздөрү менен ал кызматка кирише электе эле өлкөнүн чалгын жамаатынын тыянагынан ачык күмөн санаган, адаттан тыш абалга коюп жатат.

Бул аралыкта Конгресстеги лидерлердин тобу Орусиянын хакердик чабуулдарын, алардын ниетин тереңирээк иликтөө зарылдыгын жактап чыгышты. Демократ сенаторлордун тобу болсо президент Барак Обаманы Орусиянын хакердик чабуулдарынын потенциалы боюнча деталдуу маалымат берүүгө үндөдү.

Обама да бул талапка көнгөндөй. Ал өткөн аптада шайлоо өнөктүгү учурундагы кибер чабуулдар боюнча кеңири иликтөө жүргүзүүгө буйрук бергенин, бирок Орусияга же шайлоого гана тиешелүү эместигин кошумчалады.

Ал эми таанымал сенаторлордун төртөө, анын ичинде республикачылардан Жон МакКейн, Линдси Грэм, демократтардан Чак Шумер жана Жек Рид Орусиянын хакердик чабуулдары боюнча маалыматтарды чоочутарлык деп атап, эки партия биргелешкен иликтөө жүргүзүү демилгесин көтөрүштү:

- Бул маселени партиялар ортосундагы талаштын предметине айлантууга болбойт. Ал ушунчалык маанилүү. Эркин жана таза шайлоо – биздин демократиянын фундаменталдык принциби да. Орусия хакердик менен бизде эле эмес, башка өлкөлөрдө да алектенип жатат. Биз бул маселени эки партиялык негизде чече аларыбызга ишенем, - деди демилге ээлеринин бири, республикачыл сенатор Жон МакКейн.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын айрым өңүттөрү америкалык прессага чыккан жашыруун баяндамасына караганда, орусиялык хакерлер Демократиялык партиянын уюмдарын, лидерлерин гана бутага албастан, алар Хиллари Клинтондун беделин түшүрүүнү да көздөшкөн.

Маселен, “Вашингтон Пост” гезити чалгын кызматтын ысымы аталбаган, бирок сенаторлорго учкай маалымат берген чалгын өкүлүнө шилтеме кылуу менен жазгандай, Орусиянын хакердик чабуулдардын максаты - талапкерлердин бирине артыкчылык берип, Трамптын шайлануусуна жардам көргөзүү болгон, “бул орток көз карашыбыз",- деп айткан чалгын кызматтын өкүлү.

Ал эми “Нью-Йорк Таймс” гезити болсо чалгын өкүлдөрү орусиялык хакерлер Республикалык партиянын компьютерлерин буза алган, бирок зыян келтирүүчү электрондук каттарды жана материалдарды шардана кылган эмес деген бүтүмгө келишкен.

“Нью-Йорк Таймс” жазгандай, мына ушул жагдай аналитиктерге Орусиянын максаты - Трампты колдоо деген бүтүмгө баруусуна түрткү берген. Бирок, Республикалык партиянын Улуттук комитетинин төрагасы, алдыда Ак үйдө Трамптын аппаратын башкарганы жаткан Рейнс Прибас "Эй Би Си" телеканалы менен маегинде алардын компьютерлерине хакердик чабуул жасалбаганын, маалыматтары уурдалбаганын ырастады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG