Кыргызстанда 2017-жылы ID карттарды биометрикалык ID-карттарга алмаштыруу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, муну менен бардык паспортторду бир система боюнча идентификациялоого жана мурда туура эмес берилип кеткен документтерди жок кылууга шарт түзүлөт. Биометрикалык ID-карта шайлоого гана эмес, cалык чогултуу үчүн керек. 11-декабрда өткөн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо так маалыматы жок 153 миңдей паспорт аныкталган. Анын 80 миңи Бишкек шаарына тиешелүү деди Сарпашев:
- Мындай адамдардын участкаларын табуу кыйын болду. Шайлоодо бармагы идентификация болгондор гана добуш беришти. Ар бир миң адамдын үчүнчү-төртүнчүсүнүн кол изи аныкталган жок. Алар өз укуктарын колдоно албай калышты. Бирок келечекте баары добуш бере тургандай система менен камсыз кылуу максатыбыз бар. Маселен, жабдуу он жолу бармак изин тааныбаса, аны жүзүн биометриядан текшерүүгө мүмкүн болот.
11-декабрдагы шайлоо жана референдум маалында биометриялык маалыматы жоктор добуш бере алган эмес. Ошондой эле бир катар добушканаларда биометриялык жабдыктардын иштебей калганына нааразылык чыккан. (NT)