Шаардыктар Атамбаевди колдойбу?
Президент Алмазбек Атамбаев Индияга сапарынын жүрүшүндө Gallup институтунун сурамжылоосуна таянып, аны калктын 80 пайызы колдорун билдирди. Президенттин айтымында, мындай колдоо менен бир нече жолу өлкө башында калууга мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок бир мөөнөттөн соң кетип, тынчтык жол менен бийликти тапшырарын айтты. "Азаттык" шаар тургундарынан президентке ишеними тууралуу сурады. (Сурамжылоо негизинен орус тилинде жүргүзүлдү).