АКШдан чыгарылган 35 орус дипломаты түшкөн учак Москвага конду. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары кабарлашты. Маалыматка ылайык, Орусия бийлиги дипломаттарды алып келүү үчүн Вашингтонго атайын учак жиберген.
Өткөн аптада Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама орус бийликтеринин АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракетине жооп катары 35 орус дипломатын 72 саат ичинде өлкөдөн чыгаруу тууралуу буйрукка кол койгон. Ошондой эле Федералдык Коопсуздук кызматы жана Куралдуу күчтөр Генералдык штабына санкциялар киргизилген.
30-декабрда Орусия президенти Владимир Путин америкалык дипломаттарды чыгарбай турганын билдирген. Ага чейин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 35 америкалык дипломатты өлкөдөн чыгаруу сунушун берген эле.