Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Обаманын мурасы: демократия, өзгөрүү, коопсуздук


Обама президенттик кызматтагы коштошуу сөзүн сүйлөөдө
Обама президенттик кызматтагы коштошуу сөзүн сүйлөөдө

АКШнын 44-президенти Барак Обама өлкөнүн эң жогорку кызматынан кетип жатып өзүнүн акыркы сөзүн сүйлөдү. Обама шейшембиде саясий ишмердүүлүгүн баштаган Чикаго шаарында 20 миңдей киши чогулган Маккормик-плейс деген жерде бир сааттай сүйлөдү.

Сегиз жылдан бери америкалыктарды “үмүт жана өзгөрүүлөр” деген ураан менен шыктандырып келген Барак Обама президенттик мөөнөтүнүн соңуна оптимисттик маанай менен чыгууда. Чикагодо сүйлөгөндө америкалыктардын соңку жылдары жетишкен ийгиликтерине токтолуп, келечекке оптимизм менен кароого чакырды.

- Мындан сегиз жыл мурун Америка Улуу рецессиядан чыгып, биздин автомобил өндүрүшүбүздү кайра жолго коет, өлкө тарыхындагы жумуш орундарын түзүүнүн эң узак жолун түптөйт деп айтсам, Куба эли менен алаканын жаңы бапын баштайбыз, Ирандын согуштук ядролук программасына чекит коёбуз, 11-сентябрдагы теракттын уюштуруучуларын бир ок чыгарбай жок кылабыз деп айтсам, никеге туруунун теңдигин жана 20 миллион америкалыктарды медициналык жактан камсыздандырабыз деп айсам, ошол маалда өзүнө көп милдет алып алды дешмек. Биз мына ушуларды ишке ашырдык.

Сегиз жылдагы жетишкендиктерди санаган Обама ноябрда өткөн президенттик шайлоодо Хиллари Клинтондун күтүлбөгөн жеңилүүсүнө токтолгон жок. Демократиялык партияныны талапкери, Обаманын биринчи мөөнөтүндө мамлекеттик катчынын кызматын аркалаган Клинтон шайлансам, Обаманын саясий мурасын улантам деген убада менен жарышка чыккан.

“Алдыга эки кадам аттагандан кийин бир кадам артка чегинүү турганын” айткан Обама америкалыктарды саясий жигердүүлүкө чакырды. “Биздин демократия силерден көз каранды, силерге муктаж. Бул бир гана шайлоо маалында же качан гана силердин кызыкчылыктар таразанын ташында турганда эмес – өмүр бою силерден көз каранды”, – деген Барак Обаманын сөзүн миңдеген чогулгандар дүркүрөтө кол чаап бөлүп турушту.

“Эгер биз корксок, анда демократия чындап кыйроого туш болушу мүмкүн. Биз - жалпы жарандар тышкы коркунучтарга, өзүбүздүн баалуулуктарбызды алсыздандырууга жол бербешибиз керек. Андыктан соңку сегиз жылда терроризм менен күрөштү укуктук жолго коюп, Гуантанамодогу базаны жаап, кыйноолорду токтотууга аракеттендик. Жарандык укуктарды жана эркиндиктерди колдоо үчүн америкалык мусулмандарга каршы дискриминациянын идеяларын толук четке кагам. Алар бизден кем калбаган биздин өлкөнүн патриоттору”, - деген Обама толеранттуулук үчүн экстремизмге, шовинизмге, авторитаризмге, улутчул агрессияга каршы күрөш уланарын айтты.

"Соңку сегиз жылда бир да террористтик уюм АКШ аймагында террордук чабуул пландап, аны ишке ашыруу тууралуу карөзгөй оюна жеткен жок. Бостондо, Орландодо, Сан-Бернардинодогу, Форт-Худдагы окуялар радикализация канчалык кооптуу экенин көрсөтөт, андыктан биздин укук коргоо органдары мурдагыдан кылдат болуп, биз он миңдеген террористтерди, анын ичинде Бен Ладенди жок кылдык", - деген Обама АКШ башында турган эл аралык коалиция “Ислам мамлекети” террордук тобуна катуу сокку уруп жатканын, ал топ талкаланарын жана ага окшогон эч бир уюм америкалыктарды коркута албасын баса белгилей кетти.

Обама ошондой эле коомдогу ич ара бөлүнүү менен саясий ажырымды козуткан талкуулар сырттагы террористтер менен диктаторлор туудурган коркунучтардан кем калбасын эскертти.

“Келгиле, кылдат болобуз, бирок коркпойлу. “Ислам мамлекети” бейкүнөө адамдардын канын төгүүнү көздөйт. Бирок биз Конституциябыз жана өз принциптерибизден кайтпасак, америкалыктарды жеңе алышпайт. Орусия же Кытай сыяктуу атаандаштарыбыз биздин дүйнөлүк таасирибизди солгундата албайт” деп айтты.

Кызматтан кетип жаткан президент келечекке карата өз сунуштарын айтып, балдардын билим алуусун өркүндөтүү үчүн жаңы социалдык долбоордун, жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн кесиптик кошуундарга эркин мүчө болуу, чоң корпорацияларга коом алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыздаган адилет салык кодекси жөнүндө айтып кетти.

Обаманын баркы менен баасы

Нью-Жерсидеги Сетон-Холл университетинин тарых боюнча профессору Натаниэл Найт Обама мамлекет башында турган сегиз жыл ичинде сыймыктана турган иштерди аткарганын белгилейт.

- Медициналык камсыздандыруу реформасы айрым мүчүлүштүктөрүнө карабастан чоң жетишкендик. Анын аркасы менен буга чейин эч кандай камсыздандыруусу жок миллиондогон адамдар аны алышты. Айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүдө Обама барандуу салым кошту. Албетте, экономиканы кайра жандандыруу дагы Обамага тагылган милдет болду. Эгер республикачылар тоскоолдук кылбай, тескерисинче колдогондо экономикалык өнүгүү мындан дагы жакшы натыйжа бермек, - деген профессор Найт Буштун администрациясынан калган экономиканы оңдоп жолго койгону Обаманын эң чон жетишкендиктеринин бири деп санайт.

Айрымдар жаңы шайланган Дональд Трамп Обама баштаган айрым иштерди токтотуп, ал тургай жокко чыгарарын белгилешет. Профессор Найт муну «ноябрда өткөн шайлоодо көпчүлүк америкалыктар Трампка эмес анын атаандашына добуш беришти. Клинтон көпчүлүк добушка ээ болду. Бул дагы Обаманын президенттик бийлигине элдин реакциясы болду. Башка жагынан алып караганда Обаманын харизмасы өтө күчтүү, анын жанында Хиллари анчалык таасир калтырбайт» деп түшүндүрөт.

Обама жаңы замандын символу болуп калды. Өлкө өзгөрүүдө. Көпчүлүктү түзгөн актар эртеби-кечпи бул өлкөдө азчылыкка айланат. Америка азчылыктар көпчүлүктү түзгөн өлкөгө айланат.
Марк Катц

Жорж Мейсон университетинин саясат таануу жана тарых боюнча профессору Марк Катц Обаманын америкалыктарды шыктандырган үмүтү менен өзгөрүүлөргө өбөлгө болгонунун өзү жетишкендик деп баалайт.

- Ал өлкөнүн биринчи афроамерикалык президенти болгону баалуу факт. Ал жаңы замандын символу болуп калды. Өлкө өзгөрүүдө. Көпчүлүктү түзгөн актар эртеби-кечпи бул өлкөдө азчылыкка айланат. Америка азчылыктар көпчүлүктү түзгөн өлкөгө айланат. Көптөр үчүн бул кооптуу келечектей сезилет. Мына ушул жерде америкалык электораттын басымдуу катмарында Трамптын популярдуулугу артты. Менин көз карашымда президент Обама тарыхта өлкө туш болуп жаткан жаңы реалдуулуктун символу болуп калат, - деген профессор Кац Обаманын тарыхый ролун ушундайча баалайт.

Чикагадо 20 миңге чукул чогулгандардын алдында туруп сүйлөгөн Обама сөзүнүн аягында залда отурган жубайы Мишелге карап «Сен 25 жылдан бери менин жубайым жана балдарымдын энеси гана болбостон, мага эң мыкты шерик болдуң. Сени менен сыймыктанам. Жалпы өлкө сени менен сыймыктанат», – деп көзүнө жаш алды.

Кыздарына кайрылып "Тестиер экениңерге карабай бул жылдары силерге тагылган чоң жоопкерчиликти сезип, өзүңөрдү татыктуу алып жүрдүңөр" деп, залда отурган вице-президент Жо Байденге дагы ыраазычылык билдирди. Анын эмгегин жогору баалап, агасындай көргөн жакын мамилесин айтып өттү.

“Сиздерге кызмат кылуу менин өмүрүмдөгү эң чоң сыймык болду. Мен муну менен токтоп калбайм, жаран катары өмүрүмдүн соңуна чейин силер менен катарлаш болом» – деген Обама өзгөрүүлөр үчүн алды менен ар ким өзүнө, Американын түптөөчүлөрү кол койгон жана мурдагы кулдар менен эмигранттардын жашоосун өзгөрткөн документтердин күчүнө ишенүүгө чакырып, "Yes, we can" ("Ооба, биздин колдон келет”) деген сегиз жыл мурун америкалыктарды шыктандырган тарыхый урааны менен сөзүн аяктады.

55 жаштагы АКШнын кара терилүү президенти 2008-жылы шайланган. Өткөн ноябрдагы шайлоодо жеңген республикачыл саясатчы Дональд Трамп Обаманын айрым реформаларын токтотууга убада берген. 20-январда АКШда жаңы президент Ак үйдө кызматка киришет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG