Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Астана: Сириядагы согушка чекит коюу аракети


Солдон оңго карай: Түрк тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал, Орусиянын Сирия боюнча өкүлү Александр Лаврентиев, Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдыракманов, БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистуре жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хуссейин. Астана, 24-январь, 2017-жыл
Солдон оңго карай: Түрк тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал, Орусиянын Сирия боюнча өкүлү Александр Лаврентиев, Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдыракманов, БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистуре жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хуссейин. Астана, 24-январь, 2017-жыл

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүү аяктады. Анда тараптар Сирияда ок атууну токтотуу келишимин көзөмөлдөө механизмин иштеп чыгууну макулдашканы кабарланды.

Орусия, Түркия жана Ирандын ортомчулугу астында Сирия бийлиги жана куралдуу оппозициянын ортосунда сүйлөшүү Казакстан борборунда 23-январда башталган. Эки күнгө созулган сүйлөшүүнүн соңунда Сириядагы ок атууну токтотуу келишимин аткарууну көзөмөлдөө механизмин түзүү макулдашылды. Сүйлөшүүгө АКШнын Астанадагы элчиси жана Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стефан де Мистура байкоочу катары катышты.

24-январда таратылган биргелешкен билдирүүдө “ок атышууну токтотуунун толук сакталышын камсыздоону жана ар кандай чагымдарга жол бербөөнү, атышпоонун шарттарын аныктоону” Орусия, Түркия жана Иран көзөмөлдөрү белгиленген.

Улуттар уюмундагы Сириянын элчиси Башар ал-Жафари сүйлөшүүнүн максаты тууралуу буларды айтты:

Башар ал-Жафари
Башар ал-Жафари

- Астанадагы сүйлөшүүнүн өз максаты болгон: ал ок атууну токтотуу келишимин колдоо. Андан сырткары бул сүйлөшүүгө катышкандардын баары ал максатка жетүүнүн механизмдери менен таанышышы керек эле. Бул Астана сүйлөшүүнүн максаты болчу. Астана сүйлөшүүсү базардагыдай мен сага муну, сен мага муну дегендей соодалашуу жайы эмес.

Үч мамлекет ошондой эле Сириядагы “Ислам мамлекети” жана "Жебхат ан-Нусра" террордук топторун башка куралдуу оппозициядан бөлүп, аларга каршы күрөштү улантуу ниетин ырасташты.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдыракманов Орусия, Түркия жана Иран Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун белгиледи:

- Үч мамлекет, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ырастагандай, Сирия Араб Республикасынын көп улуттуу, көп конфессионалдуу, секторалдык эмес, демократиялык мамлекет катары эгемендүү, көз карандысыз, бирдиктүү жана бүтүн мамлекет бойдон калышын жактайт. Сирия маселесин аскерий жол менен чечүүгө мүмкүн эместигин, аны Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2254 чечиминин негизинде саясий жараяндын жардамы менен гана чечүүгө мүмкүн экенине ынанат.

Кайрат Абдыракманов.
Кайрат Абдыракманов.

Белгилүү болгондой Астана сүйлөшүүсүнө Сириянын куралдууоппозициясынын өкүлдөрү катышты. Ал эми Женева сүйлөшүүсүнө Сириянын саясий багыттагы оппозициясы катышып келген. Жыйынтыктоочу билдирүүдө 8-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу астында Женевада боло турган Сирия бийлиги менен оппозициянын сүйлөшүүсү колдоого алынды.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында Сирияда 30-декабрдан тарта ок атууну токтотуу келишими күчүнө кирген. Андан көп узабай эки өлкө Ирандын катышуусу менен Астанада тынчтык сүйлөшүүсү болорун кабарлаган.

30-декабрдагы келишим күчүнө киргенге чейин Сириянын өкмөттүк күчтөрү Орусия жана Ирандын колдоосу менен Алеппо шаарын көзөмөлгө алган эле. Алепподо Сириянын куралдуу оппозициясы ээлеген жерлерди Орусиянын бомбалоосу сынга кабылган.

Астана жыйынын соңунда жыйынтыктоочу документ кабыл алынып жатканда куралдуу оппозициянын өкүлдөрү Сирия согушундагы Ирандын ролу белгиленбей калышына нааразылык билдирди. Азыркы кезде алардын жыйынтыктоочу документке кол койгон - койбогону маалым боло элек.

Сирияда жарандык согуш 2011-жылы башталган. Андан 300 миң киши өлүп, миллиондогон адамдар жер которууга аргасыз болушту. Сирия оппозициясы президент Башар Асаддын кызматтан кетишин талап кылып келет. Ал талапты Түркия жана батыш өлкөлөрү колдойт. Ал эми Орусия жана Иран Асаддын негизги колдоочулары. Орусия менен Түркиянын мамилесинин жакшыруусу менен Москва менен Анкара Сирия маселесинде мунаса табышып, Анкара Башар Асадды токтоосуз кызматтан кетирүү талабынан кайтып, реалдуулук эсептешүү саясатын жүргүзүүгө алып келгени кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG