Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Назарбаев өз бийлигин чектейт


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казак президенти Нурсултан Назарбаев айрым ыйгарым укуктарын өкмөт менен парламентке берүү демилгесин көтөрдү.

25-январдагы билдирүүсүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев айрым бир ыйгарым укуктарын парламент менен өкмөткө өткөрүүнү демилгелеп, муну реформа катары баалады:

- Реформа эки негизги багыт боюнча ишке ашат. Биринчиси - президенттин социалдык-экономикалык процесстеги бир кыйла ыйгарым укуктарын өкмөткө жана башка аткаруу органдарына берүү жөндүү деп ойлойм. Экинчиси - андан да чоң милдетти жүктөө, бийлик тармактарындагы карым-катнашты конституциялык деңгээлде теңдөө, бийликтин мыйзам чыгаруучу тармагынын аткаруучу бийликке көзөмөлүн күчөтүү.

Назарбаев бул чечимин замандын өзгөргөнү, эл мүдөөсүнө жооп кайтаруу, демократиялык реформалардын ыргагына шайкеш жүрүү аракети менен түшүндүрүп, президент катары “жогорку арбитр” болуп каларын белгиледи.

Билдирүүнүн эртеси казак мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланган сунушта Баш мыйзамдын жыйырмага жакын беренесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү каралган. Анын орчундуусу - өкмөттү шайлоодо жеңип келип, парламентте көпчүлүктү түзгөн партия курайт. Өкмөт башчыны президент дайындап, парламент бекитет. Премьер-министр тышкы иштер жана коргоо министрлеринен башка кабинетинин курамын адегенде парламент менен макулдашат. Андан соң бекитүү үчүн президентке сунуштайт. Ал эми азыр министрлерди, атүгүл вице-премьер-министрлерди да президент өзү түз дайындайт. Премьерди гана парламент менен кеңешип бекитет.

Социалдык-экономикалык саясат, коргонуу, коопсуздук, коомдук тартипти сактоо жаатындагы негизги маселелерди өкмөт президенттин макулдугу менен чечиши керек деп өзгөртүлүүдө.

Казакстанда мамлекеттик масштабдагы ири стратегиялык программалар бар. Аларды президент көзөмөлдөп келет. Эми анын баарын көзөмөлдөө өкмөткө сунушталууда.

Дагы бир өзгөрүү катары борбордук аткаруу органдарын түзүү же жоюу, же өзгөртүү милдети да өкмөткө өткөрүлөрүн айтууга болот. Сунуш ишке ашса, президент негизинен тышкы саясат жана улуттук коопсуздук маселелерин көзөмөлдөйт. Бирок шаар акимдерин дайындоо, кызматтан алуу укугу президентте кала берүүдө.

Демилге казак коомчулугунда талкууга жем таштады. "Бийлик транзити, алмашуусу башталдыбы? Президент Борис Ельциндин жолун тандадыбы?" деп суроо салгандар да бар. Айрымдары Назарбаев өз ыйгарым укуктарын азайтып, башкалар менен бөлүшүү демилгесин бийликке келгени биринчи жолу көтөрүп жатканын айтышууда.

Айрым талдоочулар өлкөдөгү экономикалык абалдын начарлашы, эл арасындагы нааразылыктын күчөшү, өткөн жылдагы жер реформасына каршылык, быйыл мунайчылардын ачкачылык жарыялашы мындай чечимге себепчи болуп жатканын айтышат. Бул кадамдын дагы бир себебин Казакстандын парламентинин мурдагы төрагасы Серикболсын Абдилдин мындайча түшүндүрдү:

- Биздин башчыбызды дүйнө жүзүндөгү диктаторлордун катарында көрүшөт. Ошон үчүн ал ушул диктатор деген аттын өзүнөн качууда. Тышкы саясатта "Назарбаев диктатор" деген жарашпай турганын өзү да билет.

Ошентсе да Абдилдин чыныгы реформа жүрүп, өлкөдө мурдагыдан айырмаланган саясат болоруна көзү жетпейт. Азыр казак Мажлисинин 80 пайыздан ашуунун бийликчил "Нур Отан" партиясы ээлейт. Калган эки партияныкы бириккенде он төрт депутаты бар. Өкмөт мүчөлөрү да "нуротанчылар".

Серикболсын Абдилдин
Серикболсын Абдилдин

Ушуну эске алган Абдилдин Назарбаев бийлигин өз өнөктөштөрү менен бөлүшүп, акыр-аягы алардын колу менен өзү эле башкарат деген ойдо:

- Парламенттеги үч партия бир адам дайындаган, бир адамдын макулдугу боюнча депутат болгондор. Ошондой бир адам бекиткен депутаттар жаңы өзгөрүүгө даяр эмес. Ал эми өкмөттүн дайын болбогон себебин айтсам, өкмөттү жеңген партия шайлайт деди. Ал эми жеңген партия - Назарбаев деген сөз. Ошол себептен азыркы бийлигибиз бир адамга байланган бийлик.

Президент Назарбаев конституциялык өзгөртүүлөрдү жана башка мыйзамдык актыларды ушул айда өзү түзгөн атайын топ иштеп чыкканын айтты.

Бул сунуштар эми 26-февралга чейин элдик талкууга коюлат. Андан соң Конституциялык кеңештин бүтүмүнө жараша референдумга же парламенттин кароосуна чыгары күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG