Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Жалал-Абадда турак жайлардын бир пайызы гана камсыздандырылган


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бул тууралуу облустук камсыздандыруу уюмунун жетекчиси Руслан Макешов билдирди. Облуста 149 миңден ашуун турак үй каттоодон өтсө, бүгүнкү күнгө болгону 1500 турак жай же болбосо алардын 1% гана камсыздандырылган.

- Өкмөттүн буйругуна ылайык 2017-жылдын январь айынан тартып кырсык кесепетине кабылган турак жайларга ссуда берүү токтотулду. Ошол себептүү эми бардык каржылоо камсыздандырылган жайларга гана уюм тарабынан берилет, - деди Макешов.

2016-жылдын февраль айынан тарта Кыргызстанда турак жайды милдетүү камсыздандыруудан өткөрүү үчүн мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык шаарларда камсыздандыруунун баасы 1200 сом, ал эми айылдарда 600 сом деп бекиген.

Мыйзамда турак жай табигый кырсыктан жабыркаса камсыздандыруу компаниясы келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 1 миллион сомго чейин акча төлөнүп берилери жазылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG