Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:25

АКШда жети мусулман өлкөсүнөн келгендер тыкыр текшерүүдөн өтүшөт


АКШга учуп келген жүргүнчүлөр.
АКШга учуп келген жүргүнчүлөр.

Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук министри Жон Келли маалымдады. Анын айтуусунда, президент Трамптын жардыгында аталган жети өлкөдөн келгендердин соцтармактардагы аккаунттары жана телефон чалуулары кылдат иликтенет. Келли дүйнө жүзүндө бул жети өлкөдөн тышкары, жарандары коопсуз экенин ишендире албаган дагы көптөгөн өлкөлөр бар экенин кошумчалады.

Министр Трамптын бул жардыгы менен алдын ала таанышпаган деген сындарды четке какты. Анын сөзү боюнча, Келли жардык жарыя кылынардан мурда эле таанышкан.

27-январда АКШ президенти жети мусулман өлкөсүнөн: Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемендин жарандарына жана качкындарга 90 күнгө чейин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Ички коопсуздук министри тыюу мөөнөтү узартылышы ыктымалдыгын билдирүүдө.

Ал эми АКШнын бажы кызматы жана чек араны коргоо комиссарынын милдетин аткаруучу Кевин МакАлинен кош жарандуулугу бар адамдар Америкага өздөрү көрсөткөн паспорту боюнча кире алышарын маалымдады. Мындай мүмкүнчүлүк жардыкта көрсөтүлгөн жети өлкөнүн жарандарына жайылтылбайт.

XS
SM
MD
LG