Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Москвада автокырсыкта каза болгондор арасында кыргызстандыктар жок


Москва. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Москва. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Бул тууралуу Тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди:

- Жаңы Москва аймагында болгон автокырсык тууралуу маалыматтан кийин ал жерге биздин элчиликтин кызматкерлери, ИИМдин жана Миграция кызматынын өкүлдөрү чогуу барып, тактоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада автокырсыктан каза болгондордун ичинде Кыргызстандын жарандары да, Орусиянын жарандыгын алган мекендештерибиз да жок болуп чыкты.

Кулукееванын маалыматы боюнча, кырсыкта жаракат алып ооруканага жеткирилген 22 жаштагы Кылычбек уулу Бекбол рулда болгон. Анын абалы канааттандырарлык деп бааналууда.

1-февралда кечке жуук Орусия борборунун Жаңы Москва аймагында УАЗ жана "Тойота" үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышып, андан сегиз адам каза болгондугу кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG