Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

РАЖ спикер Турсунбековду кызматтан чакыртып алууну сунуштайт


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов төрага Чыныбай Турсунбеков ээлеген кызматына татыксыз экенин айтты. Төрага бардык депутаттарга тегиз мамиле кылбай, өз оюн айтып сүйлөөсүнө жол бербей жатат деген Бабанов анын фракциясы тийиштүү чечим кабыл аларын билдирди.

“Республика – Ата - Журт” фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековду кызматтан чакыртып алуу маселеси боюнча чечим кабыл алды. Аны паралменттин жалпы жыйынына алып чыгып сунуштайбыз - деген Бабанов төрага парламенттин регламентин, милдет-эрежелерин бузуп жатканын кошумчалады.

Эл өкүлү парламент сунушту 72 сааттын ичинде карап чыгышы керектигин белгилейт.

Бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки жагдай боюнча маалымат берип, көпчүлүк депутаттар өкмөттүн ишин сындаган. Бабанов өкмөт башчыга суроолорун толук бере албай калганын айтып, кошумча убакыт сураганда Турсунбеков “ойлоруңуздун калганын НТС каналыңыздан сүйлөсөңүз болот” деп жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG