Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Атамбаев: Президенттик шайлоого тыштан күчтөр кийлигише албайт


Президент Атамбаев "Евроньюс" каналына интервью берүүдө.
Президент Атамбаев "Евроньюс" каналына интервью берүүдө.

Мамлекет башчы “Евроньюс” телеканалына курган маегинде Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди. Атамбаев Орусиянын президенти Путин Кыргызстанга сапарында президенттикке Кремлге ыңгайлуу талапкерди көрсөтүүсү ыктымал деген маалыматтарды комментарийлеп, муну абсурд деп билдирди:

- Бул –абсурд. Муну өз кезегинде биздин өлкөнү ушундай абсурддук деңгээлге чейин жеткирген айрым саясатчылар айтып жатышат. Кыргызстан бардык коңшуларына көз каранды болгон учурлар болгон, алар каалаган учурунда газды, электр энергиясын, чек араны жаап турган. Азыр биз чыныгы эркин, эч кимден көз карандысыз мамлекетпиз. Владимир Путин бул үчүн келбейт. Биздин ортодо талкуулай турган маселелер бар. Ким президент болорун Москва да, Вашингтон да чечпейт, болочок президентти жарандарыбыз өздөрү тандап алат. Биздин өлкөбүз башка, элибиз да башка. Өзүбүздүн көйгөйлөрдү өзүбүз чечебиз.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга февралдын аягында келет деп кабарланууда.

Кыргызстандагы президенттик шайлоо 2017-жылдын ноябрында болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG