Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

"Ата Мекен" фракциясын Шыкмаматов убактылуу жетектейт


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин Алмамбет Шыкмаматов убактылуу аткарат. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, бул чечим 28-февралда фракциянын чукул жыйынында кабыл алынды. Лидердин орун басары, депутат Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаев чыкканга чейин фракцияны жетектеп турат.

"Ата Мекен" партиясынын жана парламенттеги фракциянын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев кечээ Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган.

Башкы прокуратура ага карата "алдамчылык" жана "коррупция" беренесинин негизинде иш козгоп, УКМКга өткөрүп берген. Депутат жана анын адвокаттары муну "атайын уюшулган иш" катары сыпаттап келишет. Тарапкерлери, партиялаштары, жакындары жана жарандык активисттер Текебаевдин бошотуу талабы менен Бишкекте жана Базар-Коргон районунда митинг өткөрүп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG