Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Кытайдын ири фирмасы Иран боюнча санкцияны бузганын моюнга алмакчы


ZTE Corp компаниясынын баш кеңсеси Шэнчжэн шаарында жайгашкан.
ZTE Corp компаниясынын баш кеңсеси Шэнчжэн шаарында жайгашкан.

Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, кытайлык ZTE Corp телеком компаниясы тыюу салынган технологияны Иранга сатканы боюнча АКШнын айыптоосун моюнга алмакчы. Бирок, азырынча АКШнын укук коргоо органдары менен бул боюнча расмий документке кол коюла элек.

АКШнын Соода министрлигинин буга чейинки иликтөөсү кытайлык ZTE Corp компаниясы 2012-жылы америкалык белгилүү технологиялык компаниялардын компьютерлик программаларын Ирандын ири телеком компаниясына сатуу боюнча миллиондогон доллардык келишим түзгөнүн аныктаган. Мындан улам 2016-жылдын мартында кытайлык компаниянын АКШда иштөөсү үчүн берилген лицензия алынып салынган болчу.

ZTE Corp телекоммуникациялык жабдууларды жасаган эң ири компаниялардын бири. Ал АКШда смартфондорду сатуу жагынан төртүнчү орунда турчу. (UE)

XS
SM
MD
LG