Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Өзбекстан: бала бакчадагы сойкулук


Өзбек прокуратурасы Сурхан-Дарыя облусунда 23 бала бакча сойкуканага айланганын аныктады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, облуста көптөгөн бала бакчалар кечкисин интимдик кызмат көрсөтүүчү жай катары иштеген. Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Сурхан-Дарыя облусундагы бала бакчалардын биринде тартылган делген видео интернетке тарап кеткен. Анда тарбиячылар балдарды бычак менен коркутуп, ур-токмокко алып, түнкүсүн имарат “борделге” айланганы көрсөтүлгөн.

Сурхан-Дарыя облусунун прокуратурасы түнкүсүн сойкукана катары колдонулган бала бакчалар мурда кабарлангандай төрт эмес, андан алда канча көп болуп чыкканын билдирген. Облустагы 290 бала бакчанын 23үн текшергенде, алардын баары интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айланганы аныкталган.

– Жалпы 290 бала бакчанын ичинен 23үн текшерүүгө алып, алардын баарында кечкисин имарат “бордел” катары иштеп, ал эми кызматкерлер ортомчулук менен алектенген. Термез шаарында эки бала бакча, Денов, Ангор, Жаркурган Шеробод, Музробод, Кумкургон райондорунда экиден бала бакчада аныкталды. Бул 23 бала бакчада негизинен сойкукана уюштурушкан. Ал эми Денов районунда балдарга ыдык көрсөткөн факт аныкталган.

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын кабарчысы облустук админстрацияда бала бакчалар тармагын тейлеген кызматкер менен телефон аркылуу байланышып, 23 бала бакчанын маселеси атайын жыйында караларын билдирди:

- Жыйынга облустук элге билим берүү башкармалыгын, облустук уюмдардын жетекчилери, Коопсуздук кызматынын, милициянын жана прокуратуранын өкүлдөрү катышат. Азыр менин колумда жыйындын планы турат. 3-мартка чейин 20 бала бакчанын башчысы кызматтан айдалган. Калган экөө ооруканада, бирөө декреттик өргүүдө болгондуктан арыз жазып берише элек.

Буга чейин "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы өз булагына таянып, №10 бала бакчада бөбөктөрдү бычак менен коркуткан кызматкер үч жылга, дагы экөө эки жылдан түрмөгө кесилгенин кабарлайт. Бирок башчысы кызматтан алынган эмес. Айрым ата-энелер бир нече бала тарбиячылардан кордук көргөндөн кийин кекечтенип, шымына ушатып коюп жатканын билдиришкен. Балдары запкы жеген ата-энелер бала бакча башычысынын кызматтан алынбай жатканына нааразы.

Бул боюнча облустук админстрацияда бала бакчалар тармагын тейлеген кызматкер минтип түшүндүрүүгө аракеттенди:

- Биз №10 бала бакчанын башчысы Сайере Турдиевага өз арызың менен кет деп айтканбыз. Ал арыз жазбаптыр. Облус жетекчилиги аны жыйында кызматтан айдайт. 22-февралда балдарды бычак менен коркуткан Саломат Каримова үч жылга кесилди. Ошондой эле Дилноз Динмуратова жана Зарина Саттаровага эки жылдан берилди.

Ошондой эле Сурхандарыя облусундагы бул бала бакчалардагы интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган эки кароолчу үч жылдан эркинен ажыратылганы кабарланган.

Тарбиячылардын айрымдары иштен өз каалоосу менен бошотулган. Мындан улам Сурхан-Дарыя облустук элге билим берүү башкармалыгы өз кызматкерлерин жоопкерчиликтен куткаруу аракетин көрүүдө дейт прокуратура өкүлү.

- "Өз арызы менен кызматтан кетти" деген эмне? Ошондо бул нерсеге тиешеси жок болуп чыгып атабы? Башкармалык өзүнүн кызматкерлеринин камын көрүп, кырдаалдан чыгууга жан талашууда. Бул өтө туура эмес иш. Аларды атайын берене менен кызматтан айдаш керек эле.

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги наристелер тарбияланган жайды сойкуканага айландыргандар боюнча "кожо көрсүн" иш кылып жаткандай. 1-мартта "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы министрликтин бир нече тиешелүү жетекчиликтерине байланышып, жөндүү жооп алган эмес.

Ал эми ушул күндөрү жогоруда айтылган тасманы өзбек интернет колдонуучулары кызуу талкуулашууда. Атайын кызматтын өткөн жылы рейд учурунда тартылган тасманын негизинде Термез шаарындагы журналист видео материал даярдаган. Анда бул райондогу бала бакчанын кароолчулары наристелер уктаган бөлмөлөрдү түнкүсүн жеңил ойлуу кыздарга ижарага беришкени көрсөтүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG