Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:38

АКШ президенти Дональд Трамп миграция боюнча жаңы жарлыкка 6-мартта кол койду. Документте алты мусулман мамлекеттин жарандарынын Америкага баруусуна чектөө киргизилет.
Трамптын ушул сыяктуу биринчи буйругун сот жокко чыгарган эле.

Ак үйдүн маалыматы боюнча, Иран, Сирия, Судан, Ливия, Сомали жана Йемен жашоочуларына 90 күндүк виза берүү токтотулат. Чектөө киргенге чейин виза алгандар АКШга бара алышат.

Жаңы жарлык 16-марттан күчүнө кирет жана мурдагыга караганда тагыраак экенин Трамптын кеңешчиси Келли Конвей белгиледи. Жарлык АКШда туруктуу жашаган адамдарга тийиштүү эместигин Конвей кошумчалады.

Дональд Трамп 27-январда миграция боюнча жарлык жазып, анда жети мусулман өлкөсүнөн мигранттардын келишине тыюу салган эле. Аны сот жокко чыгаргандан соң кайра оңдолгон жарлыктан Ирак мамлекети алып салынды. Документте көрсөтүлгөндөй, Багдад акыркы күндөрү өлкөдөн чыгуу шарттарын жакшыртып, АКШга жөнөп жаткан жарандары жөнүндө маалымат алмашууну, аларды мекенге кайра келүүсүн кепилдеген жагдайларды толуктаган.

Трамп миграция талаптарын катаалдантуу коопсуздук үчүн зарыл экенин айтат. Эл аралык коомчулук муну диний теңсиздик катары сыпаттап, сындап келишет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG