Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:55

Түштүк Кореяда АКШнын абадан коргонуу системасы жайгаштырылууда


Американын абадан коргонуу системасы.

Бул тууралуу 7-мартта АКШнын Тынч океандагы куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги кабарлады. Мындай аракет Түндүк Корея төрт ракетасын сыноо максатында аткандан бир күндөн кийин башталды. Американын абадан коргонуу системасынын биринчи бөлүктөрү АКШнын Осанадагы базасына келип түштү.

6-мартта Түндүк Корея аткан төрт ракетанын үчөө бир миң чакырым аралыкка учуп барып, Жапониянын сууларына келип түшкөн. Ракеталык сыноону Токио жана Сеул сынга алды.

Түндүк Корея бийлиги ракеталык сыноосун АКШ менен Түштүк Корея биргелешип өткөрүп жаткан машыгууга жооп деп атады. Сеул менен Вашингтон Түштүк Кореяда абадан коргонуу системасын орнотууну өткөн жылы макулдашкан. Аны Кытай айыптап, ал аймактагы күчтөрдүн кыл учундагы тең салмагын бузат деген. (AiT)

XS
SM
MD
LG