Расмий Тегеран АКШ президенти Дональд Трамптын жарлыгына жооп катары америкалыктардын да Иранга киришин чектейт.
Иран тышкы иштер министри Мажид Тахт-Раван билдиргендей, Вашингтондун алты мусулман өлкөнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө убактылуу чектөөсү алынмайынча Тегерандын жообу да күчүндө кала бермекчи.
ISNA агенттиги тараткан кабарга ылайык, Тахт-Раван Трамптын "бул кадамы коопсуздук максатында ишке ашырылып жатат" дегенин сындап, "ирандыктар АКШда эч кандай теракт жасабаганын" белгиледи.
Дональд Трамп 6-мартта чыгарган жарлыкка ылайык, Иран, Сирия, Судан, Ливия, Сомали жана Йемендин жарандарына АКШга виза берүүгө убактылуу тыюу салынган.
Андан мурунку жарлыгында чектөөгө Ирак да киргизилип, тизмеде жети өлкө аталган эле. Ал чечимди сот жокко чыгарган. Жаңы документте Ирак алынып салынды. Вашингтон муну Багдад виза жана маалымат алмашуу талаптарын аткарып жатканы менен түшүндүрдү. (SE)