Президенттин талкууга түшкөн сыны
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта мамлекеттик сыйлык-наамдарды тапшыруу аземинде айткан билдирүүлөрү, парламентке жана партияларга айткан сындары кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда. Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин таркашына кызыкдарбы? Өлкө башчысынын мурдагы өнөктөштөрүнө болгон сыны аларды президенттик жарыштан оолактатуу аракетиби? Кыргызстанда саясий күчтөрүн ким башын кошуп, ким сүйлөштүрө алат, дегеле саясий кырдаал кандай өзгөрүшү мүмкүн? Ушул суроолорго бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издейбиз. Талкууга Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров, Жогорку Кенештин эл өкүлдөр жыйынын мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов жана профессор Жолборс Жоробеков катышты.