Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Косово өз армиясын түзүүгө киришти


Косовонун коопсуздук күчтөрү.
Косовонун коопсуздук күчтөрү.

Косово президенти жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүнүн негизинде куралдуу күчтөрүн түзүүнү парламентке сунуштады. Бул Косовонун эгемендүүлүгүн тааныбаган серб лидерлеринин нааразылыгын жаратты.

Президент Хашим Тачи 7-мартта парламентке жолдогон мыйзам долбоорунда “Косовонун коопсуздук күчтөрүнүн армияга айлануусу эгемен жана көз карандысыз мамлекеттин нормалдуу кадамы” болору айтылган. Бул кадам Косовонун “аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн, тынчтыгын коргоо жана сактоого” багытталганы белгиленген. Президент Тачи Косовдогу серб азчылыктар андай кадамга каршы экенин моюнга алып, ал Сербиянын саясатына үндөш деген.

Косово өкмөтүндөгү вице-премьер-министр, этникалык серб Бранимир Стоянович коопсуздук күчтөрүн армияга айлантуу Конституцияга каршы келерин, бул маселе боюнча президент Тачи серб лидерлери менен кеңешпегенин билдирди. Косово лидери өз чечимин НАТОго кошулуу максатында кабыл алынганын жана ага эл аралык коомчулуктан колдоо издерин да айтып келет. (AiT)

XS
SM
MD
LG