Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Косово-Сербия сүйлөшүүсү уланат


Косово жана Сербиянын лидерлери менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча катчысы Федерика Могерини.
Косово жана Сербиянын лидерлери менен Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча катчысы Федерика Могерини.

Косово менен Сербиянын лидерлери 24-январда Брюсселде өткөн жыйында ушул жылдын соңуна чейин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен эки тарап ортосундагы алаканы жакшыртуу чечимине жетишти.

Косово менен Сербиянын лидерлери 24-январда Брюсселде өткөн жыйында ушул жылдын соңуна чейин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен эки тарап ортосундагы алакаларды жакшыртуу чечимине келишти. Бул тууралуу жыйын соңунда Сербия өкмөтүнүн башчысы Александр Вучич билдирди.

2011-жылдан бери биринчи жолу жогорку саясий деңгээлде өткөн Брюсселдеги жолугушууга Сербия тараптан президент Томислав Николчич, премьер-министр Александр Вучич, ал эми Косоводон өлкө башчысы Хашим Тачи менен, өкмөт башчы Иса Мустафа катышты.

Алгач эки өлкөнүн өкүлдөрү өз алдынча Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини менен жолугушту. Андан соң гана биримдиктин жогорку өкүлүнүн катышуусунда кечки тамак үстүндө сүйлөшүү болду. Могерининин маалымат катчысы Майя Котсианич бул жолугушуу эки тарап үчүн эле эмес, Еврошаркет үчүн да чоң мааниге ээ экенин билдирди:

- Косово менен Сербия ортосундагы алакалардын жакшырышы биринчи орунда экени айдан ачык. Биз өз пикирибизди так билдирдик - бул эки тарап үчүн, Евробиримдик үчүн да абдан маанилүү. Эки өлкө тең сүйлөшүүнү улантууга убада беришти. Жетишилген макулдашуулардын бардыгы ишке ашат деген ойдобуз.

Косовонун премьер-министри Иса Мустафа, президенти Хашим Тачи жана Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини.
Косовонун премьер-министри Иса Мустафа, президенти Хашим Тачи жана Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини.

Эки мамлекет ортосундагы кезектеги чыңалуу 14-январда тутанган. Бир сыйра кайым айтышуудан кийин Сербиянын бийликтери Косовону көздөй “Косово - бул Сербия” деген жазуусу бар поездди жөнөтүшкөн.

Көп өтпөй Сербиянын премьер-министри Александр өлкөнүн Косово менен чек аралаш аймагында жайгашкан Рашка кыштагынан поездди токтотууга буйрук берген. Ал өз чечимин эки элдин эркиндигин жана өмүрүн сактап калуу аракети деп түшүндүргөн.

Сербиянын өкмөт башчысынын бул кадамын Косовонун премьер-министри Иса Мустафа да туура чечим деп эсептерин айтты:

- Соңку кездери Сербия Косоводогу кырдаалды дестабилдештирүү үчүн утур-утур кандайдыр бир аракеттерге барууда. Косово коңшу мамлекеттер менен тынч алакада болууну көздөйт. Ошону менен катар биз Косовонун ички иштерине кийлигишүүгө жана биздин мамлекетке каршы жасалган чагымдарга жол бербейбиз.

Белград менен Приштина ортосундагы темир жол байланышы 1998-1999-жылдары болгон жаңжал маалында үзүлгөн.

Буга чейин Косовонун президенти Хашим Тачи Сербия Косовонун түндүгүн Орусия Крымды 2014-жылы басып алгандай эле аннексиялап алгысы келет деп билдирген.

- Сербия Орусиядан белек катары алган бул поезд менен Косовонун түндүк аймагын бөлүп, өзүнө кошуп алуу үчүн колдонууга ниеттенди. Бул Крым модели.

"Косово-бул Сербия" деген жазуусу бар поезд Белграддан Приштинага жөнөтүлгөн.
"Косово-бул Сербия" деген жазуусу бар поезд Белграддан Приштинага жөнөтүлгөн.

Косовонун түндүгүндө 50 миңдей этникалык сербдер отурукташкан.

1998-99-жылдары Косоволук албандар менен серб армиясынын ортосунда тутанган кандуу согуш эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча 12 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган. Жүз миңдеген киши үйүн таштап башка жактан башкалка издөөгө аргасыз болгон. 2008-жылы Косово көз каранды эместигин жарыялагандан бери анын жаңы статусун АКШ, Евробиримдикке кирген бир катар өлкөлөр баш болгон 100дөй өлкө тааныган. Ал эми Сербия ушул күнгө чейин тааный элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG