Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

БУУ өкүлү: Өзбекстанда адам укугун сактоо аракеттери жанданды


Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин кабыл алынган айрым мыйзам жана жарлыктар адам укуктарынын сакталышын оң тарапка өзгөртүүгө үмүт берет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы комиссары Зейд Раад-ал-Хусайн уюмдун Адам укуктары кеңешинин Женевада башталган 34-сессиясында билдирди. Башкы комиссар үмүт ишке ашуусу үчүн жазылган мыйзамдарды аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар көп жылдардан бери Өзбекстанда саясий, диний көз карашы бийликке жакпагандар кысымга кабыларын сындап келатат. Жабык жайлардагы кыйноолор, жарандарга карата өкүмзордуктан улам өлкө эркин эмес мамлекеттердин катарына киргизилген.

2016-жылы тунгуч президент Ислам Каримов кайтыш болуп, Шавкат Мирзиёев мамлекет башчы болуп шайланган. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG