Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Террордук уюмдардын тизмесин жайылтуу тууралуу мыйзам даярдалды


"Ислам мамлекети" террордук тобунун желегин көтөргөн жоочу. Ирак.
"Ислам мамлекети" террордук тобунун желегин көтөргөн жоочу. Ирак.

Жогорку Кеңеште депутаттар тобу диний мүнөздөгү террордук уюмдардын тизмесин жайылтуу тууралуу мыйзам даярдашты. «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети экинчи окууда жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, документти депутаттар Каныбек Иманалиев, Алмасбек Акматов, Жаныбек Бакчиев жана Эмил Токтошев даярдаган.

Кыргызстанда 20 уюмду сот террордук деп таап, ишмердигине тыюу салган. Тизме тиешелүү органдарга гана берилген. Депутат Каныбек Иманалиев билдиргендей, жаңы мыйзам ошол маалыматтарды өкмөттүк гезит-журнал, телерадио аркылуу эл арасында жайылтууга бийликти милдеттендирет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Ирак жана Сириядагы террордук топтордун катарына кошулуп кеткен кыргызстандыктардын саны 600дөн ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG