Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Мамытов: террорчулар бизге белги берүүдө


Токон Мамытов
Токон Мамытов

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде теракт уюштургандардын тек-жайы аныкталганын кабарлады.

Атайын кызматтан кабарлагандай, жардырууга буйрутма бергендер Сирияда экстремисттик аракеттерди ишке ашырып жүргөн, курамына уйгурлар кирген “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экени такталды. Бул окуя боюнча “Азаттык” Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытовду кепке тартты.

“Азаттык”: Теракт уюштурууга шектелип, беш киши колго түштү. Төрт адамга издөө жарыяланганы айтылууда. Албетте, жардырууну уюштурган адам жалгыз эмес экени болжолдонгон, бирок он адам турганын болжолдодуңуз беле же мындан да көп дейсизби?

Токон Мамытов: Негизинен бул иште кайсы террордук уюмдун тиешеси бар экени аныкталып калды. Ошондой эле жардырууну ишке ашырууга буйрук берген кишинин аты-жөнү Сирожиддин Мухтаров эл аралык террористтик уюмдун талаа командиринин бири. Ал азыр Сириядагы согушка катышып жүрөт. Бул биринчиси эмес, буга чейин Кашкар-Кыштакта айрым бир "Ахмадий" уюмунун эки мүчөсүн өлтүргүлө деп буйрук берген дагы ушул киши.

Биздин укук коргоо органдар бул иште мыктылык кылганын да белгилеп кетиш керек. Алар бир дем алышка жеткирбей кылмыштын бетин ачып жатышат.

“Азаттык”: Чет мамлекеттерде экстремисттик уюм деп таанылган “Жабхад-ул-Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” топтору Кыргызстанда дээрлик аттары чыккан эмес. Мына эми бир эмес, эки уюм айтылып жатат, бул Кыргызстан үчүн жаңы экстремисттик уюмдардын пайда болушу эмнеден кабар берет?

Токон Мамытов: Булар "ал-Каида" жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмдарынын башы. Анын ичинде көптөгөн уюмдар бар, ошол эле Чыгыш Уйгур партиясы, Ислам өзбек кыймылы жана башкалары бар. Ошондуктан буларды уйгурлар, өзбек же чечен деп бөлүүгө болбойт. Булар үчүн терроризм интернационалдуу болуп калган.

“Азаттык”: Эмне үчүн Кытай элчилиги бутага алынды дейсиз?

Токон Мамытов: Бул жерде Фергана өрөөнүнөн терроризм башталып, батыш Кытайга өтөбүз деген план боюнча эле келатат. Булар ошол эле Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Кыргызстанда теракттарды уюштурду. Эми мындан ары белги калтырып келатат. Мындайча айтканда, кийинки террористтердин соккусу Шинжаңда болот деп белги берип жатышат. Ошондуктан Кытай элчилигин жардыруу аракетин кылып, ишке ашырышты. Андыктан Кытай кошуналарыбыз антитеррористтик аракеттерге даяр турушу керек.

XS
SM
MD
LG