Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

"Өнүгүү-Прогресс" партиясын парламенттен кетирүү сунушталды


"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.
"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Мындай сунушту парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Данияр Аттокуров 9-мартта жалпы отурумда маалымдады. Ал өткөн аптада "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин дарегине негизсиз сын айтканын белгилеп, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы лидеринин сөзүнөн кийин парламенттен өз ыктыяры менен кетүү тууралуу чечим чыгарышы керек, деп билдирди.

Аттокуровго жооп кылган "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Мирлан Бакиров кесиптештерин алдын ала көзү ачыктык кылбоого чакырды. Ал өзүнүн фракция лидеринин сөзүн стенограмманы көтөрүп чыгып, кайра угуп чыгууну сунуштады:

-Бакыт Төрөбаев сөзүндө калыстыкка басым жасап, болгон окуяларды эске салды. Биздин партиянын парламенттен кетер-кетпеси тууралуу алдын ала жол көрсөтпөй эле карманып турсаңар.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев 1-мартта Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча маселе каралып жаткан учурда парламент курч маселелерди талкуулай албаса, анда тарап кеткени жакшырак деген пикирин билдирген.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 26-февралда таңга маал "Манас" аба майданында чет өлкөдөн учуп келери менен Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелерине шектелип камакка алынган. "Ата Мекен" партиясы Өмүрбек Текебаевдин камалышы анын Кипр сапарына байланыштуу экенин билдирген. Президенттик аппарат "Ата Мекендин" маалыматтарын четке каккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG