Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Депутат Тиллаев өкмөттү жолдордун сапатына көңүл бурууга чакырды


Бишкектеги жол оңдоо иштеринен.
Бишкектеги жол оңдоо иштеринен.

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Табылды Тиллаев Бишкектин жолдорун оңдоого көңүл бурулбай жатканын айтып, өкмөттү сындады.

Баш калаадагы майда жолдор гана эмес, борбордук көчөлөрдүн абалы да талапка жооп бербей калганын билдирген депутат бүгүнкү парламент жыйынында өкмөт өкүлүнө билдирип, мэрия менен бирге бул маселени чечүүнү суранды:

- Борбордук көчөлөрдү көрүп, киши уялат. Былтыр курулган көчөлөрдүн сапатын көргүлө. Эптеп эле куруп койгон. Мындайча айтканда, акча шамалга сапырылган.

Депутат бул жаатта өткөн айда өкмөткө кат жибергенин айтып, бирок анын жыйынтыгы тууралуу жооп келбегенин билдирди. Өкмөт тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, Бишкекасфальтсервистин жана жол курууга тиешеси бар уюмдардын жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Шаар мэриясы жолдорду оңдоо пландуу тартипте жүрүп жатканын, кемчиликтерди жоюу аракети бар экенин билдирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылы Кытай тарап менен Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча макулдашуу түзүлүп, үч аралыгында Бээжин 300 миллион юань грант бермек болгон. Бул каражат 44 миллион доллардан ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG