Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Бишкек мэри: көңүл ооруткан көйгөй көп


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Баш калаанын мэри Албек Ибраимов шаарды жетектеген 100 күн аралыгындагы ишмердиги боюнча коомчулукка отчет берди.

Анда мэр бул аралыкта шаар кызматтарынын тейлөөсүн жакшыртуу жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо иши көрүлгөнүн айтты. Ошондой эле ал шаарды көркүнө келтирүү жана эл көп жүргөн жерлерди тартипке салуу иштерин белгилеп, алдыда чечиле элек көп көйгөй турганын билдирди. Анткен менен шаар тургундары эң эле маанилүү деген маселелер чечилбей келе жатканын мисал келтиришти.

"Дыйкан” базарынын "чыйканы"

Баш калаанын мэри Албек Ибраимов эң эле чоң көйгөй шаардын ичиндеги базарларды тартипке салуу маселеси экенин моюнга алды. Айрыкча ал базарлардын айланасындагы башаламан соода кылууну күч менен токтотуу жагын чечүү кыйын болуп турганын айтты. Бирок мэр бул маселени өз ара келишүү менен чечүүгө аракеттер бар экенин белгиледи. Өтө чоң тыгындан улам “Дыйкан” жашылча-жемиш базарына кирип-чыгуу кооптуу болуп жатканы сөз болду.

Шаар тургуну Гүлнара Мырзакматова кооптуу абалдан улам, базарды шаар сыртына көчүрүү зарылдыгы турганын айтты:

"Дыйкан" базары
"Дыйкан" базары

- Бул базарга кире албайсың же киргенден кийин чыга албайсың. Жол болсо бир тараптуу. Бул жакка соода кылган фуралар келип, ары өткөрбөйт. Эртең менен келсең, базарга ичкери кирүү үчүн тыгында эки-үч саат турууга туура келет. Бизге башка кеңири жактан базар уюштуруп берсе жакшы болот эле. Бул жерде таштандылар сасып кетсе дагы алышпайт. Бул эмне деген базар, түшүнбөйсүң. Күйүүчү май куйган жайы да бар. Кудай сактасын. Бир нерсе болсо, адамдар сыртка чыга албай калат.

Бул маселе Бишкек шаардык мэриясынын кароосунда экенин шаар башчысы Албек Ибраимов маалымат жыйынында билдирди. Ушуга окшогон арыз-даттануулар көп түшкөнүн айткан мэр аны шаар сыртына көчүрүү маселеси чечилип жатканын билдирди:

- Бул базардын маселеси туюк болуп жатканында. Анын ары жагы темир жолго такалып жатат. Ошондуктан бизге арыз-даттануулар көп түшөт. Биз бул маселени чечүү жолун издеп жатабыз. Мурда базарда отургандар эки тарап болуп, бири сыртка чыгууну кааласа, экинчилери калабыз дешкен экен. Ал жакта соода кылган адамдарга шарт түзүп берүү үчүн биз базарды сыртка алып чыгуу маселесин карашыбыз керек. Бул маселе жакын арада чечилет.

Мэр өзү киришкенде

Ошондой эле маршруттук таксилердин саны тыгын жараткан коомдук транспорт көйгөйү көтөрүлдү. Мэр жаңы автобус-троллейбустар келсе, алардын жаңы конуштарга каттагандарынан башкасы линиядан алына турганын айтты. Шаар башчысы Албек Ибраимов баш калаадагы мыйзамсыз курулуштарга карата эми чечкиндүү чаралар көрүлө турганын билдирди:

Бишкектеги таштанды талаасы
Бишкектеги таштанды талаасы

- Камокторду же павильонду алып коюш чынында оңой экен. Бирок мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе бир кыйла татаал. Көбүн сот аркылуу чечүүгө туура келет. Соттор болсо аны үч-төрт жыл карайт. Мына ошондуктан биз мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу менен чыгалы деп жатабыз. Ал мыйзам кабыл алынса, анда соттун чечимисиз эле мыйзамсыз курулуштарды алууга биздин тиешелүү органдарга укук берилет. Ошондо биз мына ошол теңсиздикти теңдейбиз. Ким мыйзамдан сырт иштесе, ошого жараша мамиле болот.

Шаар калкынын даттанууларына ыкчам чара көрүү үчүн 185 кызматы жаңыланган тартипте иш алып бара баштаганы белгиленди. Бул боюнча тиешелүү шаар кызматтарына ыкчам тапшырма берилип, келип чыккан өксүктөрдү жоюуга аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.

Бирок шаар тургуну Кемел Абакиров Ош базарынын айланасындагы абал кайра эле мурдагы таз кейпин кийип калган жагдайга токтолду:

- Иса Өмүркуловдун тушунда бир аз тартип болду эле. Азыр андай эмес. Бул жерде ким каалаганын жасап жатат. Акыры мыйзам болушу керекпи? Бул жер кантсе да борбор шаардын базары го. Көп башалмандыктарга күбө болгондо башкача ойдо каласың. Чоңдорго мыйзам иштебейт, анан карапайымдарды кууруп башташат. Мындай болбойт дешпеди беле.

Бишкек: Базарлардагы башаламандык
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00

Бишкектин мэри Албек Ибраимов быйыл шаардын бузулган жолдорун оңдоо боюнча эң ири оңдоп-түздөө иштерин жүргүзүү жагы каралганын айтты. Буга байланыштуу каржылоонун өлчөмү дагы көбөйтүлгөнүн кошумчалады. Албек Ибраимов жол курулушунун сапатын көзөмөлдөө жана жемкордукту ооздуктоо боюнча кепилдик чаралары иштелип чыкканын белгиледи:

- Биз коррупциялык жолдорду жоготуу үчүн жөн эле айтып койбой, тиешелүү чараларды көрөбүз. Жол куруу боюнча тендерден уткан компаниялар үчүн кепилдик шартын киргизип жатабыз. Буга ылайык, компания тиешелүү акчасын коюп, уткан соң акысын киргизет. Эгер жолду бүтүргөн соң маселе чыкса, анын эсебиндеги акчага жолду кайра оңдойбуз. Ошону менен кепилдик камсыз болот. Эч ким коррупция кыла албайт.

Албек Ибраимов быйыл февраль айынын аягында Бишкектин мэрлигине көрсөтүлүп, шайланган. Мэр “Бишкек ачык мүмкүнчүлүктөрдүн шаары” программасын жандандыруу иши башталганын белгиледи. Ага ылайык ишкердикке шарт түзүү жана шаар инфраструктурасын оңдоого көбүрөөк көңүл бурула турганы белгиленди.

"Азаттыктын" Бишкектеги жер мафиясы тууралуу иликтөөсү. Архив: 04.05.2016

Бишкектин жер мафиясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:28 0:00

XS
SM
MD
LG