Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:16

Бишкек кайдыгерликтен жүдөп турат

Бишкек шаары
Бишкек шаары

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Бишкек шаарынын күнүнө арналган “Пишпек-Фрунзе-Бишкек борборуна 138 жыл” аттуу китеп-сүрөт көргөзмө өтүп жатат.

Ага Бишкек шаары тууралуу жазылган мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, окумуштуулардын, шаар башкаруучуларынын китептери, энциклопедиялык топтомдор, фотодокументтер, публицистикалык макалалар коюлду.

Борбор калаадан билим алып, кийин шаардык аткаруу комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген Абдыразак Мокенов Бишкек шаарынын өткөнү тууралуу мындайча эскерет:

- Мен Фрунзеге 1947-жылы келгем. Ал кезде шаарда ашып кетсе 140 миңдин тегерегинде калк жашаса керек эле. Көпчүлүгү жеке адамдарга таандык бир кабаттуу үйлөр болчу. Ал убакта эки-үч кабат үйлөр өтө сейрек кездешчү. Шаарда асфальтталган эки гана көчө бар эле.

Мокенов учурда Бишкек шаарында көптөгөн бийик үйлөр курулуп, архитектуралык жактан өсүп баратканын айтты.

Шаардын 138 жылдыгына арналып өтүп жаткан көргөзмөгө эгемендиктин 25 жылдыгында бой жеткен жаш муун өкүлдөрү да келген экен. Алардын бири Эрлан Качкынов Бишкек шаары өнүгүп жатат деген пикирге макул эмес:

- Чет өлкөлөрдүн борбор шаарын көргөндөр менин сөзүмө кошулса керек. Борбор шаар деген ошол мамлекеттин символу болгондон кийин ыйык, кооз, өзүнүн колорити менен өзгөчө болуп туруш керек да. Мамлекеттин Бишкек шаарынын өнүктүрүү боюнча максаттуу иш жүргүзгөнүн байкай элекпиз. Эгер азыр шаар ичинде бийик, кооз үйлөр салынып жатса ал деген жеке менчик фирмалардын гана иш-аракети. Андан башка эч кандай өнүгүү жок. Керек болсо даяр парктарды сактап калуунун ордуна кыйып, жок кылып, сатып жатышат.

Көргөзмөдө бир кезде өзүнүн жаштыгы калган шаардын сүрөттөрүн карап жүргөн Асанкожо Айтикеев да шаардын азыркы абалына кейигендердин бири. Ал Бишкек шаары менен кошуна мамлекеттердин борборун салыштырды:

- Эгемендик алгандан кийин Бишкектин абалы ич жылытпайт. Өзбекстандын борбору Ташкентти, Түркмөнстан борбору Ашхабадды, Тажикстан борбору Дүйшөмбүнү карасаңар... Астананы айтпай эле коёлу. Бул шаарлар кыска убакытта таанылгыс болуп өзгөрдү. Бизде болсо бул аралыкта үйлөр башкы плансыз салынып, шаар базарга айланып калды.

Айтикеев Кыргызстандын жүрөгү болгон борбор калаанын коомчулукта кеп болуп жүргөн базар деңгээлине жетишине өткөн жылдар аралыгында жемкорлукка аралашкан шаар жетекчилиги, мэрлердин тез-тез алмашып турганы, ага кошул-ташыл жай тургундардын борбор калаага жасаган кайдыгер, маданиятсыз мамилеси себеп болду дейт.

Мындан ары Бишкектин негизги атрибуттарынын бири болгон курант сааттан ар бир саат сайын комуздун фонунда ойнотулган ооз комуздун ыргактары угулуп турмакчы.
Бишкек-138: Башкы саатта кыргызча ыргак жаңырат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:10 0:00

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаа өткөөл мезгилде ар тарабынан кыйын кырдаалга туш болгону ырас экенин айтып, бирок шаардын келечеги жакшы болоруна ишенем деди:

- Буйруса ошонун баарын иретке салалы деп атабыз. Азыр шаарда жашаган тургундар да көп болуп жатат. Ички миграцияны тактап алышыбыз керек. Чынында шаарда өзүнүн чен-өлчөмүнөн көп эл жашап жатат. Жолдо автоунаалар көп. Биз азыр коомдук транспортту көбөйткөнгө умтулуп жатабыз. Мына бүгүн шаар күнү деп он автобус жүргүздүк. Алар газ менен жүрөт, 105 орундуу.

Кененбаев шаардын көчөлөрүндө газ менен жүргөн көп орундуу коомдук транспорт көбөйсө, жеке автоунаалар азаят деп ойлойт.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов өз сөзүндө быйыл шаардын 138 жылдыгына жана өлкө эгемендигинин 25 жылдыгына карата Бишкек шаарын жашылдандырууга жана түнкү чырактарды коюуга республикалык казынадан 52 миллион, ал эми шаардык казынадан 50 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди.

Учурда улуттук китепканада өтүп жаткан китеп-сүрөт көргөзмө уланып жатат.

"Азаттыктын" архиви: Борбордун өткөнү жана учурдагысы. 02.03.2013

Эски-жаңы альбом: Фрунзе-Бишкек

Фрунзе-Бишкек.  "Россия" кинотеатры.
1/18 Фрунзе-Бишкек.  "Россия" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Шаардын түштүк дарбазасы.<br />
2/18 Фрунзе-Бишкек. Шаардын түштүк дарбазасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Чыгыш (эски)&nbsp;автовокзалы.
3/18 Фрунзе-Бишкек. Чыгыш (эски) автовокзалы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы Конституциялык Соттун имараты.
4/18 Фрунзе-Бишкек. Мурдагы Конституциялык Соттун имараты.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы политехникалык техникумдун имараты азыр Кыргызстан эл аралык университетинин бир корпусу.
5/18 Фрунзе-Бишкек. Мурдагы политехникалык техникумдун имараты азыр Кыргызстан эл аралык университетинин бир корпусу.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Качандыр бир кезде бул жерде балмуздак, суусундуктар сатылган. Азыр ал чакан кафе-караоке.
6/18 Фрунзе-Бишкек. Качандыр бир кезде бул жерде балмуздак, суусундуктар сатылган. Азыр ал чакан кафе-караоке.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Панфилов паркынын башкы дарбазасы.
7/18 Фрунзе-Бишкек. Панфилов паркынын башкы дарбазасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Опера жана&nbsp;балет театры.
8/18 Фрунзе-Бишкек. Опера жана балет театры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Жаш гвардия бульварындагы эстелик.
9/18 Фрунзе-Бишкек. Жаш гвардия бульварындагы эстелик.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Манас&quot; кинотеатры.
10/18 Фрунзе-Бишкек. "Манас" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Ала-Тоо&quot;&nbsp;мейманканасы азыр иштебейт.
11/18 Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" мейманканасы азыр иштебейт.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Шаардык аткаруу комитетинин имараты, азыркы мэрия.
12/18 Фрунзе-Бишкек. Шаардык аткаруу комитетинин имараты, азыркы мэрия.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Эски аянттагы Өкмөт үйү.
13/18 Фрунзе-Бишкек. Эски аянттагы Өкмөт үйү.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Жалал-Абад&quot; чайканасы.
14/18 Фрунзе-Бишкек. "Жалал-Абад" чайканасы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. &quot;Ала-Тоо&quot; кинотеатры.
15/18 Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" кинотеатры.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек. Илимдер Академиясы.
16/18 Фрунзе-Бишкек. Илимдер Академиясы.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Борбор Азиядагы Америка университети,&nbsp;мурда бул имаратта Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жана башка өкмөттүк мекемелер турган.
17/18 Фрунзе-Бишкек. Борбор Азиядагы Америка университети, мурда бул имаратта Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жана башка өкмөттүк мекемелер турган.
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Фрунзе-Бишкек.&nbsp;Мурдагы &quot;Кыргызстан&quot; мейманканасы, &nbsp;азыркы&nbsp; - Hyatt Regency Bishkek Hotel
18/18 Фрунзе-Бишкек. Мурдагы "Кыргызстан" мейманканасы,  азыркы  - Hyatt Regency Bishkek Hotel
Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

Куржундар
XS
SM
MD
LG