Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Сай кыштоосундагы 147 түтүн менен байланыш болбой калды. Катаал аба ырайы жана калың кардан улам кыштоого алып баруучу Торугарт жана Кынды ашуу жолдору жабылып турат. Мындай жагдай жаралганына эки аптадан ашты. Бул тууралуу райондогу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаты Улан Ыбышов "Азаттык" радиосуна билдирди. Аймактагы ДЭУ ишканасынын техникасы менен жергиликтүүлөр кыштоого жөнөшкөн, бирок төрт күндөн бери жолдо турушат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана облустук бийликке жардам сурап кайрылышкан, азырынча майнап чыга элек.
- 147 түтүн менен 15-20 күндөн бери байланыша албай жатабыз. Алардын баары Кытай менен чектешкен аймактагы чабандар. Биздин үнүбүздү бийликтен бирөө-жарым угар бекен деп сиздерге кайрылдык,- деди Ыбышев.
Облустун Нарын облусундагы өкүлчүлүгү абал көзөмөлдө экенин, жол тазалоо иштери бороондон улам жүрбөй жатканын билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери бүгүн, 16-мартта тазалоо жумуштарын баштарын маалымдады. Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.
Бороон айдап келген кар күрткүсү 12-марттан бери Ат-Башыдагы Өзгөрүш, Ак-Муз айылдарында да түйшүк жаратууда. Бул маселеге көңүл бурууну Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова бүгүн парламенттин жыйынында өкмөткө сунуштады. (SE)