Ош облусунун Ноокат районунда 130 гектардан ашык жер Өзбекстандын жарандарына сатылып кетти деген маалымат ырасталган жок. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Дөң-Кыштак айылынын 142 жашоочусуна алты сотыхтан жер бөлүнүп берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы жер үлүшүн Кыргызстандын жарандары гана алганын көргөздү.
9-январда Жаңы-Ноокат айылынын бир катар тургундары нааразылыкка чыгышып, "жер тартыштыгын чечүүнүн ордуна 150дөй өзбекстандыкка үлүш жер берип койду",- деп айыл өкмөт башчысы Нурмахаммад Йулчиевди айыптап чыгышкан. Ал нааразы тараптардын маалыматын четке каккан. Өкмөт жер сатылды деген билдирүүлөр чындыкка коошпой турганын айтып, маселени териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. (NT)