Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:26

Ирактын Мосул шаарынын батышында өкмөттүк күчтөр менен “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун ортосунда кармаш күчөп, калаадан качып чыккан жайкын тургундардын саны көбөйдү. Ирактын армиясы Эски шаарга кирүүгө жана стратегиялык “Аль-Нури”мечитине көзөмөлүн орнотууга аракет кылып жатат. Бирок расмий өкүлдөр согушкерлер катуу каршылык көрсөтүп жатканын кабарлашты.

Американын аба күчтөрүнөн колдоо алган Ирак армиясы өлкөдөгү экинчи ири шаардын чыгыш тарабын жүз күндүк кармаштан кийин январь айында бошоткон.

АКШ расмийлеринин жоромолуна ылайык, Мосулдун батышында 750 миңдей жөн-жай тургун жана 2 миңдей согушкер болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG