Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:20

Ак-Сайга куткаруучулар жөнөп кетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ат-Башы районунун Ак-Сай кыштоосуна куткаруучулар тобу 20-мартта жөнөп кетишти. Алар тоолуу катаал шартка ылайыктуу жабдыктар менен камсыз болгон. Куткаруучулар өзгөчө кырдаал режими алынганга чейин малчылар менен байланыштырып туруу үчүн кыштоодо болушат.

Катаал аба ырайы жана калың кардан улам кыштоого алып баруучу Торугарт жана Кында ашуу жолдору эки аптадан бери жабык. Азыр аны тазалоо иштери уланууда. Аба ырайына байланыштуу өткөн аптада Ат-Башы районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген. (NT)

XS
SM
MD
LG