Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:52

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алып өлкөнүн тышкы саясый багытын жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, "андан тышкары Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сөзсүз эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясый приоритеттерин андан ары өнүктүрүү боюнча ишмердиктин багыттары" талкууланды.

Ошондой эле "Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги төрагалыгын эске алуу менен негизги тышкы өнөктөштөр менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жүзөгө ашыруу пландары" талкууга алынды.

Орусия менен Казакстан негиздеген Бажы биримдиги кийин Евразия экономикалык биримдиги болуп кайра уюшкан. Бүгүнкү күндө ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG