Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

"Ата Мекен" жабыркагандарга кенемте бөлүштүрүү маселесин талкуулайт


Дача-СУнун тургундары
Дача-СУнун тургундары

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 31-марттагы жыйынында Сокулук районунун Дача-Су айылындагы авиакырсыктан жабыркагандар үчүн топтолгон акчаны бөлүштүрүү маселесин талкуулайт.

Аталган фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, жыйынга кырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын төрагасы, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов чакырылган.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына түркиялык "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары, төртөө экипаж мүчөлөрү. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн ӨКМде ачылган банк эсебине элден чогулган каражат 96 миллион сомдон ашты. Каза болгондордун зыйнатына өкмөттөн берилген акчадан тышкары, жабыркагандар кенемте алыша элек. (NT)

XS
SM
MD
LG