Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Баткенде алты жашар кызды зордуктоого шектелген адам кармалды


Баткен облусунда алты жашар кызды зордуктоого шектелип, 34 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, тергөөнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, шектүү 30-мартта секелекти көчөдө ойноп жүргөн жериненен эл көрбөгөн жерге алып барып, зордуктаганы аныкталган:

- Кылмышка шектүү адам 1983-жылы туулган. Ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Тергөө уланууда.

Укук коргоочулар соңку жылдары Кыргызстанда балдардын зомбулукка кабылуусун негизги көйгөй катары көтөрүп келишүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG