Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Ниязалы Арипов муфтийликтен талапкерлигин алып койду


Ниязалы Арипов
Ниязалы Арипов

Муфтий болууга ат салышып жаткандардын дагы бири - Ниязалы ажы Арипов талапкерлигин алып салды. Аны сунуштаган Ислам изилдөө илимий институту 3-апрелде тараткан билдирүүдө айтылгандай, алар азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевди колдоо максатында ушундай кадамга барды. Бул кабарды Арипов өзү да "Азаттык" радиосуна бышыктады.

Дагы бир талапкер Чубак ажы Жалилов шайлоого катышуудан 2-апрелде баш тарткан эле.

Жыйынтыгында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болууга аттанган бир эле талапкер, учурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев гана калды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысын шайлоо 4-апрелде өтөт. Ал күнү Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да шайланат жана Аалымдар кеңешинин курамы жаңырат. (SE)

XS
SM
MD
LG