Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Максат ажы Токтомушев кайра муфтий болуп шайланды


Максатбек ажы Токтомушев
Максатбек ажы Токтомушев

Максат ажы Токтомушев кайрадан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды. Бишкекте бүгүн өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын алтынчы курултайында эки жүздөн ашуун делегаттын көбү анын талапкерлигин колдоду.

Курултай Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрда болууда.

Максат ажы Токтомушев аталган кызматка жалгыз өзү ат салышты. Буга чейин эки талапкер - Чубак ажы Жалилов менен Ниязалы ажы Арипов шайлоого катышуудан баш тарткан.

Азыркы муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2014-жылы үч жылга шайланып, быйыл мөөнөтү аяктаган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставына бүгүн киргизилген өзгөртүүгө ылайык, муфтий төрт жылдык мөөнөткө шайланды.

Андан тышкары бүгүнкү курултайдын жүрүшүндө Аалымдар кеңешинин курамы жаңыланды. 54 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүнүн көбү мурдагы кишилер, жаңылардан дин таануучу Кадыр Маликов кошулду. Төрагалык орунга кайрадан Абдышүкүр Нарматов шайланды. (SE\EBM)

XS
SM
MD
LG