Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Акбаржон Жалилов Кыргызстандын паспортун эч качан алган эмес


Акбаржон Жалиловдун социалдык тармактагы сүрөтү
Акбаржон Жалиловдун социалдык тармактагы сүрөтү

Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 4-апрелде кечке жуук таратты. Анда "Айрым маалымат каражаттарында 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жардырууну жасаган деп шектелип жаткан Акбаржон Жалилов "Кыргызстандын жараны" деп жазылып жаткан кабарлар чындыкка дал келбейт" деп айтылган.

ТИМдин маалыматы боюнча Жалилов 1995-жылы Ош шаарында туулган, улуту өзбек. Ал 2011-жылы 16 жашка толгон кезинде атасы - орус жаранынын өтүнүчү менен орус паспортун алган жана ошол боюнча туруктуу жашаган жери Орусия болуп келген.

Маалыматта ошондой эле Кыргызстандын бардык тиешелүү органдары жардырууну иликтөө үчүн Орусиянын күч кызматтары менен ар тараптуу кызматташып жатканы да айтылган.

3-апрелде Санкт-Петербург шаарында метро поездинде жардыруу болуп, андан 14 киши набыт болгон. Элүүдөй киши жараат алган. Жардырууну 22 жаштагы Акбаржон Жалилов аттуу теги кыргызстандык адам жасаганы кабарланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG