Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Путин менен Мирзиёев 15 миллиарддык келишим түздү


5-апрелде Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде жолукту.
5-апрелде Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кремлде жолукту.

5-апрелде Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде жолукту.

Орусия менен Өзбекстан баш аягы 15,8 миллиард долларлык инвестициялык жана соода келишимдерине жетишти. Бул тууралуу Москвага эки күндүк сапары менен келген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

- Биз ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү боюнча жалпысынан 12 миллиард долларлык келишимдер пакетине жана 3,8 миллиард долларлык соода келишимине кол коюп жатабыз, - деди Мирзиёев орус президенти Владимир Путин менен 5-апрелдеги жолугушуусунда.

Ошондой эле Путин эки тарап автоунаа, жарандык авиация жана фармацевтика сыяктуу бир катар тармактарда кызматташууну макулдашканын айтты. Мындан тышкары Орусия Өзбекстандан 5 миллиард куб метрден ашык жаратылыш газын алмай болду.

Бул Ислам Каримов көзү өткөндөн кийин өлкө башына келген Мирзиёевдин президент катары Орусияга жасаган алгачкы расмий визити.

- Бүгүнкү сиздин визит биз биргелешип жасап жаткан иштердин алдыга жылуусуна, маанилүү жана эки тараптуу байланыштардын бекемделишине шарт түзөрүнө ишенем, - деди орус президенти Владимир Путин

Өз кезегинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун эстелигине Москванын борборунан жер бөлүнгөнү үчүн орус президентине ыраазычылыгын айтты.

4-5-апрелдеги эки күндүк мамлекеттик сапары менен келген өзбек президенти Шавкат Мирзиёев орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен дагы жолукту.

3-апрелде Москвада эки өкмөт өкүлдөрү өндүрүш, тоо-кен сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюшкан. Экономикалык жактан Орусия Өзбекстандын Кытайдан кийинки эле ири өнөктөшү саналат. Ошентсе да айрым учурда мамлекеттер ортосунда түзүлгөн ири келишимдер аткарыла бербейт дейт талдоочу Камолиддин Раббимов:

- Ири державалар дайыма камеранын алдында чоң-чоң суммаларды убада кылып коюшат. Бирок, алардын баары эле аткарылат деген туура эмес.

Ал Мирзиёев Орусия менен мурунку президент Каримов түзүп кеткен мамилени улантаарын божомолдойт:

- Каримов Борбор Азияда жашы боюнча эң улуу президент болчу. Ошондон уламбы айрым учурда эл алдында Каримов Путин менен кээ бир маселелерде талашып кетчү. Бирок, бул Путинди укчу эмес дегенди түшүндүрбөйт. Борбор Азияда Орусиянын таасири бар да. Ал баары бир Кремлден сестенип турчу.

Раббимов Өзбекстан менен орусиянын ортосунда чечилбеген миграция сыяктуу айрым маселер бар экенин белгилейт:

- Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда топтолуп калган маселелер бар. Каримов миграция сыяктуу айрым көйгөйлөр жөнүндө кеп козгочу эмес. Каримов мындай маселени моюндачу эмес. Азыркы президент бул көйгөйлөр бар экенин моюнга алып жаткандай. Эми эң көп мигрант жиберген өлкө Орусия менен бул маселени талкуулашы керек.

Өзбекстандын Орусия менен товар жүгүртүүсү жалпы сооданын 17 пайызын түзөт. Өзбекстан негизинен Орусияга айыл чарба продукцияларын жиберет. Бул өткөн жылдын декабрында шайланган өзбек президентинин чет өлкөгө үчүнчү сапары болуп калды. Буга чейин Мирзиёев 5-6-мартта Түркмөнстанга, 23-мартта Казакстанга барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG